Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабылды

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна кар көчкү түштү. Мындай маалыматты бүгүн, 22-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кар көчкү 22-март күнү саат 12:00дөр чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымынан 115-чакырымына чейинки аралыктарда түшкөн. Натыйжада жол жабылып калган.

"Жабыркагандар жок. Кар көчкүнүн көлөмү такталууда. Учурда тазалоо иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан