Бүгүн, 22-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Депутаттардын кызматтык батирлери эми Жогорку Кеӊештин аппаратынын жана Иш башкармалыгында иштегендерге берилиши мүмкүн. Депутат Ирина Карамушкинанын сунушу кайрадан ММКлардын назарына түштү. Белгилүү болгондой, Карамушкина Жогорку Кеӊештин кызматтык үйү жөнүндө мыйзамды өзгөртүүнү сунуштоодо. Ага ылайык, депутаттык батирлер Бишкектен 20 чакырым алыста жашагандарга убактылуу берилет. Карамушкина бош турган батирлер бюджетти чыгымдап, техникалык жактан кооптонуу жаратарын жүйө келтирип жатат. Мисалы, кышында 1 батирдин коммуналдык чыгымына 6 миӊ сомдон төлөнүп жатыптыр. Долбоор 1,5 айдан бери коомдук талкууда турат.
Эске салсак, Жогорку Кеӊеш депутаттары 2016-жылы кызматтык автоунаадан жана 1 жардамчыдан баш тартышып, бирок кызматтык батирден толук баш тартышкан эмес. Бишкекте өз үйү жок 35 депутатка кызматтык үй берилери белгилүү болгон. Коӊшулаш Тажикстан, Казакстанда дагы депутаттар кызматтык батир жана автоунаа менен камсыздалат. Казакстанда депутаттын үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына жараша 1, 2 жана 3 бөлмөлүү батирлер берилет. Коӊшуларда дагы ашыкча чыгымга нааразычылык күч, депутаттарды артыкчылыктан ажыратуу сунушу Казакстанда да маал-маалы менен көтөрүлүп турат. Кыргыз депутаттарынын кызматтык үйлөрүнө тийиштүү чыр көп. Убагында депутаттык ыйгарым укуктары бүткөнүнө карабай бекер үйдү бошоткусу келбегендер чыккан. Карамушкинанын сунушуна кайра келели. Бош кызматтык батирлер неге Жогорку Кеӊеште иштегендерге гана берилиши керек? Бүт өмүрүн Кыргыз маданиятына, искусствосуна арнап, элге эмгеги сиӊип, эмдигиче 1 бөлмө үйгө жетпей жүргөн артисттер канча? Адаттагы депутаттык комиссия бул ирет да түзүлүп, бардык тармакты иликтеп чыгып, үйлөргө чыныгы муктаждарды киргизүүнү сунуштаса да жарашмак. Маселе дүӊүнөн бычылганы жатат. Мыйзам колдоо тапса, кызматтык батирлер муктаждардын колуна тиеби же өзүнө үй бөлдүрүп алып тууган-туушканын киргизип койгон депутаттардын жоругу дагы кайталанабы? Суроолор көп. Долбоор парламентке жеткенде кызуу талаш жаралары күтүлүүдө...
Мурунку депутат, келерки президенттик жарыштын болочок талапкери Садыр Жапаров аз күндө Кыргыз жерине кайтып келет. Саясатчы УКМК тарабынан камакка алынышы мүмкүн экенин, тобокелчиликке бел байлаганын айтууда.
УКМК Жапаровду суракка чакырган. Жапаров өзү барабы же Текебаевди кармагандай өлкөнүн босогосун аттаары менен кармап кетеби, убакыт көрсөтөт. Жапаровдун азыр жасап жаткан аракеттери анын чочулоосу күчтүү экенинен кабар берет. Саясатчы кайсы күнү, кайсы маалда, чек аранын кайсы бекетинен өтөрүн жарыя кылып, каалоочуларды барып көрүүгө чакырып, колдоочу топтоо менен алек. Анын азыркы учурда Казакстанда экендиги белгилүү. Ал 25-мартта Кыргыз-Казак чек арасынын "Ак-Жол" бекетинен өтөрү күтүлүүдө. УКМК аталган саясатчыны суракка чакырганын ырастап, бирок кайсы иш боюнча экенин ачыктоодон баш тартты. "Жапаровго сурообуз көп" деген жооп узатты мекеме. 2012-жылдын сентябрында Башкы прокуратура "алдамчылыкка катышуу", "кылмыш жолу менен мүлккө ээлик кылуу" беренелери боюнча иш козгогон. Жапаровду депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу сунушуна парламент макулдук бербей койгондон кийин иликтөө убактылуу токтогон. 2013-жылы Камчыбек Ташиев дарбазадан секирип өтүп Ак үйгө кирүүгө аракет жасаган окуясында Жапаров дагы кармалып, "бийликти басып алууга аракет" беренеси менен (Кылмыш-жаза кодексинин 30 жана 295-беренелери боюнча) сот жообуна тартылып, депутаттык мандаттан ажыратылган. Ошол учурдагы ички иштер министри Жапаровдун унаасынан курал табылганын жарыялаган. Мандаттан ажырагандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 2014-жылы 31-мартта Бишкекте митинг өткөрүүнү көздөгөн Жапаров Кыргыз жерине кайтып келгенин билдирген, бирок митинг өткөргөн эмес. Башкы прокуратура анын өлкөгө кайтып келиши менен ага карата кылмыш иши жанданганын маалымдаган. Жапаров 2014-жылдан бери чет жерде жүрөт. Тарапташтары аны чек арадан тосуп алууга барышат. Ошол эле күнү саясатчы "Кумтөр" маселеси боюнча Бишкекте митинг өткөрүүнү пландоодо. "Кумтөр" талашы боюнча документ топтоп жүргөнүн айтып, азыркы бийликти кескин сындап келе жаткан экс-депутаттын тагдыры бүдөмүк абалда...
2017-жылдын январында Ысык-Көлдүн Ананьево айылында дарыгерлер кош бойлуу айымды төрөтө албай, баланын башы чыккан абалда келинди Чолпон-Атага, күйөөсүнүн машинасына салып жөнөтүп жиберишкен. Бул боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жаткан эле. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен Ананьево айылындагы оорукананын башкы дарыгери иштен айдалды. Айрым ак халатчандарга сөгүш берилген. Төрөттү жарым-жартылай кабыл алган акушерди да иштен алуу жагы каралып жатканы белгилүү болду. Ишине шалаакы мамиле кылган дарыгерлерди жазалоого Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын буйругу чыкты.
Адатта, кылмышка шектелген жооптуу жетекчилерди кызматтан алуу менен ишти басып коюшат. Балким, көйгөйдүн тамырын кыркпагандыктан ушундай окуялар кайталанууда. Факт боюнча кылмыш иши ачылган, күнөөлүүлөр мыйзам чегинде да жоопкерчилик тартууга тийиш. Белгилей кетүүчү жагдай, келинди төрөтө албай койгон дарыгер 70 жашта пенсия курагында болгон. Жаш кадрлар маянанын аздыгынан айылдарга барбай жатышканы өкмөттө, парламентте дайыма айтылып жүрөт. Пенсия курагындагы, ишке жөндөмдүүлүгү начар адистерге жоопкерчилик артып салуунун аягы мындан да жаман кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Министрлик "бул окуядан сабак алдык, кайсы жерибиз начар экенин билдик" деген жооп менен чектелүүдө. Медицинанын кемтик жерин билүү үчүн сөзсүз бирөөлөрдүн өмүрү кыйылышы керекпи? Анын үстүнө бул дарыгерлердин шалаакылыгын айгинелеген биринчи окуя эмес. Кырсыктын алдын алуу, түрдүү кырдаалдарга даяр туруу деген талаптар такай аткарылмайынча, кадр маселесин чечмейинче, сабак болор окуялардын аягы тыйылышы кыйын...
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева көз жарды. Президенттин небереси Бишкек шаарындагы №6-төрөтканада жарыкка келгени белгилүү болду. Адатта Кыргыз чиновниктери, депутаттары башына кыйынчылык түшсө АКШ, Германия, Түркия өӊдүү өлкөлөрдөн дарыланышат. Убагында мурунку президент Курманбек Бакиев Германиядан, азыркы ажо деле Германия, Түркия, Орусиядан дарыланган. Бул окуялар өз учурунда "Кыргыз чиновниктери Кыргыз медицинасына ишенишпейт, өздөрүн кыргыз дарыгерлеринин колуна тапшыруудан чочулашат" деген сындарды жараткан. Президенттин кызы Бишкекте, кадимки мамлекеттик төрөтканадан көз жарганы жылуу пикирлерди жаратууда...