ЖЫЛНААМА, 22-МАРТ: 185 жыл мурун белгилүү немис акыны, ойчул, илимпоз Иоганн Гёте көз жумган

Мындан 185 жыл мурун, 1832-жылы 22-мартта немис акыны, ойчул, илимпоз Иоганн Вольфганг Гёте 82 жашында көз жумган. Ал 1749-жылы 28-августта Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарында туулган. Немис адабиятын негиздегендердин бири, теориялык өнүгүүнү алдын ала көрө билген көп кырдуу илимпоз болгон. 7 жашында бир нече тилде эркин сүйлөп, өзүнүн алгачкы ырларын, пьесаларын жараткан. Адабияттан тышкары химия, медицина, филология илимдерин окуп, өздөштүргөн.

Гёте табият таанууда жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн салыштырма морфологиясы, физика, минералогия, геология боюнча бир нече эмгектерди жазган. "Морфология" деген терминди илимге Гёте киргизген.

22-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан