ӨКМ: "Жалал-Абаддагы Көк-Бел ашуусуна түшкөн кар көчкү тазаланды"

Бүгүн, 22-мартта Жалал-Абаддагы Көк-Бел ашуусуна түшкөн кар көчкү тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги SUPER.KG порталына билдирди.

"Бишкек-Ош унаа жолунун 352-чакырымындагы Көк-Бел ашуусунда саат 15:00 чамасында болжол менен узуну 30 метр, бийиктиги 2,5 метр болгон кар көчкү түшүп, жол жабылган. Унаа жолду тазалоого №30 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылып, саат 18:00дө кар толугу менен тазаланып, жол ачылды", - деп билдиришти ӨКМдан.

Маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.

Эскерте кетсек, жүргүнчүлөр түшкөн карды эч ким тазалабай жатышканын билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Adil706070
2017-03-22 18:43:24
ишканасынан
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан