Ветеринардык инспекция: "Токтогул районунда жаңы туулуп, өлгөн козулардан жугуштуу оору аныкталган жок"

Токтогул районунда жаңы туулган козулардан жугуштуу оору аныкталган жок. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта SUPER.KG порталына Токтогул райондук ветеринардык жана фитосанитардык инспекциянын башчысы Алмагүл Сапаркулова билдирди.

"Республикалык дартты аныктоо борбору жаш козулардын эмне себептен өлгөнүн аныкташты. Алар да биз аныктагандай, ашказанында сүт аш болбой, уюп, ирип калгандыгын айтышты. Мындагы эң биринчи себеп малдардын ветеринардык талаптарга ылайыксыз кармалышы", - деди Сапаркулова.

Эске салсак, окурман "Элдик кабарга" жаңы туулган козулар белгисиз себептерден улам өлүп жатканын билдирген.

Алмагүл Сапаркулованын маалыматына ылайык, жаш козулардын массалык өлүшү буга чейин район аймагында катталган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан