18-мартта сөз эркиндигине арналган жөө жүрүштө кармалып, 5 суткага Бишкек ШИИББинин кабыл алып бөлүштүрүү жайына камалган 5 активист бошотулду. Алар: Мухит Мамытов, Мавлян Аскарбеков, Айбек Мырза, Расул Умбеталиев жана Азамат Аттокуров. Аларды сырттан кесиптештери, жакындары тосуп алышты.
Мавлян Аскарбеков камактан чыгып төмөнкүнү айтты. "Беш күн мурда сөз эркиндиги үчүн жөө жүрүшкө чыкканбыз. Адам укугун бузуу менен бизди 5 күнгө камады. Бизди моралдык жактан колдоп турганыңыздарга ыраазычылык билдиребиз. Кармоо шарты начар болгондуктан чарчап турабыз. Бир камерада 20дай адам кармалдык. Оору жугуп калбашы үчүн биз дезинфекция жүргүзүү үчүн текшерүүдөн өтөбүз. Маалымат жыйын өткөрүп, кенен маалымат бермекчибиз", - деди активист.
Камактан чыккан Азамат Аттокуровдун айтымында, элдин бийликке болгон ишеними канчалык аз болсо, ошончолук карапайым элге кысымдар, репрессиялар көп болот. "Мен жарандык позициямды билдирип чыккам. Биз азыр ден соолугубузду текшертип, медициналык кароодон өтүшүбүз керек. Бир эле мисал келтирейин, сот өзү келген жок. Адвокаттарыбызды да киргизишкен жок. Бизди кармап кеткенден кийин гана бул жакка келип анан чечимди окуп кетти", - деп нааразычылыгын билдирди Аттокуров.
Коомдук ишмер Эдил Байсалов активисттер негизсиз камалышканын айтты. "Ошол жерде бийлик тарабынан канча камера менен тартып жатышты. Бирөө мыйзамсыз жолго барса, аны КТРКдан көрсөтмөк. Депутатты камап жаткандан кийин калганыбыз эмне болмок эле. Бийлик азыр эмнеге жетишти? Элдин бардыгы камалганга умтулушат. Анткени эркиндик үчүн күрөш ушундай болот", - деди Байсалов.
Адил Турдукулов да активисттерди камоо мыйзамсыз болгонун билдирди. "Мухит Мамытов, Азамат Аттокуров, Расул Умбеталиевдер буга чейин административдик жоопкерчиликке тартылган эмес болчу. Аларды селсаяктар менен кошо бир камерага камап коюшту. 29-мартта КТРКнын алдында митинг өтөт", - деди Турдукулов.
Активистти сырттан күтүп тосуп алгандардын бири Өндүрүш Токтонасыров "Свердлов райондук сотунун токтому теңирден тескери" деди. "Балдар мыйзамсыз кармалган. Мөөнөттөрүн аткарып чыгышты. Аларга сынбагыла, кайраттангыла дейт элем", - деди Токтонасыров.
Камактан чыккандардын бири Расул Умбеталиев: "Биз активдүү күрөшүүнү улантабыз, аппеляциялык арыз жазабыз. Бизди кантип кармаганы тууралуу айтып беребиз. Эртең кеңири маалымат берилет", - деп журналисттерге айтты.