ЭЛДИК ВИДЕО: "Азия MIX" командасынын оюнчусу Ростислав Ященконун көрүнгөн жерге таштанды таштагандарды уяткарган видеосу интернетке тарады

"Элдик видео" бөлүмүнө "Азия MIX'тин" оюнчусу таштанды таштагандарды уяткарды" деген видео жүктөлдү (ник: Brutality).

"Азия MIX" командасынын оюнчусу Ростислав Ященконун көрүнгөн жерге таштанды таштагандар боюнча өз оюн билдирип, ачуу чындыкты айткан видеосу интернетке тарады. Ал Нооруз майрамынан кийин "Ала-Тоо" аянтынан 30 метр куб таштанды чыгарылганын, дагы башка белгилүү эс алуучу жайлар таштандыга толуп калганын айтат.

"Бир нерсени бүлүндүрүү үчүн адам канчалык деӊгээлде өзүн, өзүнүн жерин сыйлабашы керек? Бир жолу "Токтогул" суу сактагычы тарапта чет элдик адамдын жанында аябай уят болгом. Ал "кантип ушундай кыласыӊар?" деп айтып, баштыкты алып жыйнап кирген.

Эгерде адамдарды ата-энеси тарбиялай албаган болсо, мүмкүн, бул нерсе менен мамлекет алектенет? Эмне үчүн мамлекет дагы деле таштандыны көрүнгөн жерге таштагандарга карата чара көргөн, айып салган мыйзам иштеп чыккан жок. Себеби мекенин сүйгөн адам эч качан мындай жоруктарды жасабайт", - дейт Ященко.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
evra_kg
2017-03-23 13:47:26
Бизде мусор салатурган урнаны чуй кочосундо еле жакшылап издесен табасын мамилекет башчыларыбы биринчи ошого окшогонду жакшылап оздоштуруп алып анан реклама кылса
-4
lady.girl7997
2017-03-23 14:20:45
evra_kg, Японияда деген кочолордо таптакыр урналар жок, адамдар мусорду уйлоруно которо кетет, корунгон жерге таштабай. Озубуз таза болбосок, анан кантип айлана чойро таза болмок. Ал эми Сингапурда тукургонго да уруксат жок.
+8
evra_kg
2017-03-23 15:09:05
lady.girl7997,япондор не илгертен еле ошотип
Келген дейсинби алар онугуп буткон мамилекет
-7
ekaterinburg
2017-03-23 14:53:27
Сен таза болсон,мен таза болсом,ал таза болсо коом да таза болот...деген соз баарын эле айтып турбайбы!Келгиле жердештер,таза бололу!
+3
Uson13
2017-03-23 16:06:32
Бизде урна койсо акылы жоктор көп дөңнөлөгүн урдап кетишет
+2
Nassa
2017-03-23 16:25:53
Сен таза болсон мен таза болсом коом таза болот деген созду уккандан угуп эле келатам, бирок таза болгон адамды омуру корбодум. Озум Бишкекте канча жолу кордум мусорун кенен кочого таштап коюп эч нерсе болбогондой басып кеткен адамдарды. Чындап эле уят да, туура эле кылган жуз эсе туура деп кошулам оюна.
+1
BarsBaatyr
2017-03-23 16:39:07
Улуту башка болсо дагы өз мекенин сүйгөн,мекенине күйгөн Ростиславга РАХМАТ!!!
+6
Samina007
2017-03-23 18:12:03
Уят эле,уят эле бет деле калбады.үйрөнгөн адат калабы уйга жүгөн салабы дегендей ушундай адатыбызды таштасаак дедим мен
0
evra_kg
2017-03-23 18:27:16
Койгулачы кече еле тоодон тушконбуз кыргыз эли анан те япондорду айтасынар жатып алып
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан