Каржы министрлигинде мамлекеттик сатып алуулар системиндеги даттанууларды кароо механизмдерин жакшыртуу маселеси каралды

Мамлекеттик сатып алуулар системиндеги даттанууларды жана нааразычылыктарды кароо механизмдери өркүндөтүлөт. Бул тууралуу Каржы министрлигинде Дүйнөлүк банктын, Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин, жарандык сектордун жана Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен өткөн семинарда белгилүү болду. Маалыматты 22-мартта Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Катышуучулар даттанууларды жана каршылыктарды кароо боюнча көзкарандысыз ведомстволор аралык комиссиянын ишмердүүлүгүнүн азыркы абалын талкуулашып, даттанууларды жана каршылыктарды кароо системасын өркүндөтүү боюнча сунуштарын айтышты. Анын ичинде комиссиянын курамы боюнча жаңы жобону жана комиссия мүчөлөрүн тандоо механизмдерин иштеп чыгуу зарылчылыгын белгилешти.

Маалыматка караганда семинар Дүйнөлүк банктын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алууларынын потенциалын арттыруу” долбоорунун алкагында өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан