"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Ошто өңү өчкөн жөө жүргүнчүлөр өтмөгү апрель айынын ичинде сырдалат

Оштогу Шота Руставели менен Рыспай Абдыкадыров атындагы көчөлөрдүн кесилишинде жөө жүргүнчүлөр үчүн өтмөктүн өңү өчүп, андан өткөн тургундарга кооптуу абал жаралып жатканын окурман 16-мартта "Элдик кабарга" билдирген. Шаардын мындай өтмөктөрү апрель айында сырдаларын Ош шаарынын Жол башкармалыгынын башкы адиси Улук Жаныбеков бүгүн, 23-мартта SUPER.KG порталына билдирди.

"Шаардык бюджет жакында эле каралып бүттү. Бүгүн шаардын жолдорундагы жөө жүргүнчүлөр үчүн өтмөктү сырдоо боюнча тендер жарыяланды. Анын жыйынтыгы чыгары менен каражат бөлүнөт. Сырдоо иштери апрель айынын ичинде жүргүзүлүп, бул өтмөк да ошондо сырдалат", - деди У.Жаныбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tulpar90
2017-03-23 15:03:30
Бир жамгыр жааса өчүп калат.
0
Bek_Kazan
2017-03-24 14:50:41
Ооба бир жамгыр жааса өңү өчүп калат, Кара-суугада тартышкан призидент келет деп жөнөкөй краска менен 3 күндөн кийин өңү өчүп кетти. Тартканга жараша атайын өзүнүн краскасы менен тартышпайбы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан