Аида Салянова: “Сөз эркиндигине кысымдын жаңы ыкмалары колдонулуп жатат”

Бишкекте бүгүн, 23-мартта сөз эркиндигине байланыштуу форум өтүп жатат. Анын жүрүшүндө "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова: “Сөз эркиндигине кысымдын жаңы ыкмалары колдонулуп жатат”, - деп билдирди.

Депутаттын айтымында, акыркы айларда мүлктү камакка алуу, чоң көлөмдөгү доого жыгуу болуп жатат.

"Бул ММКларга болгон куугунтук, башкаларга эскертүү болуп саналат. Мындай маселени бир гана бул жерде эле эмес, парламентте да кароо керек. Активист Темирлан Ормуковду бүгүн милиция кызматкерлери анын үйүнө келип, шаардык ички иштер башкармалыгына алып барышкан. Бүгүн унчукпай койсок, эртең дагы ушул окуялар колдонулат", - деди ал.

Форумга катышып жаткан Темирлан Ормуков милицияга тергөөгө барып келгенин билдирди.

"Тергөө иши менен таанышкандыгым боюнча кол кой дешти. Мен жактоочум жок кол койбой турганымды айттым. "Дежур" жактоочуну чакырып келишти. Өзүмдүн жактоочум телефонун албагандыгына байланыштуу, мен 3 саат ал жакта отурдум. Анан ишим сотко өткөнүн айтышты", - деди Ормуков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dina1983-19
2017-03-23 17:12:22
СДПК га жаңы кыз келиптир депутат жоош момун колуңу көтөр түшүр дегенге удобный окшойт.
+8
modern-group
2017-03-23 18:27:01
dina1983-19, талтай дегенге ынгайлуу десениз )))))
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан