Таласта "6-класстын окуучусун сабаган" делген окуу бөлүмүнүн башчысы жумуштан кетти

Талас районундагы Козучак айылынын Мырзабек Мамбетов атындагы мектебинин "6-класстагы окуучусун сабаган" делген окуу бөлүмүнүн башчысы өз ыктыяры менен жумуштан кетти. Бул тууралуу Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева бүгүн, 23-мартта SUPER.KG порталына билдирди.

"16-мартта окуучунун ата-энеси арыз менен кайрылышкан. Арызга алардын баласын окуу бөлүмүнүн башчысы сабаганын жазышкан. Алардын айтымында, окуя ошол эле күнү болгон. Бала үйүнө барган соң өзүн жаман сезип, ата-энеси ооруканага алып барышкан. Учурда бала үйүндө, ден соолугу жакшы. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат", - деди Д.Сарногоева.

Дарыгерлер баланын баш мээси чайкалганын айтышканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kalemkash
2017-03-23 17:49:32
Жаман сезип калса эле арыздана беришеби? Бизди кан жалата сабачу агайларыбыз. Рахмат ошолорго турмушка быштырып чонойтушту
0
Kerben1996
2017-03-27 17:46:20
Баласы урушчаактын, энеси болушчаак....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан