Өлкөнүн бардык аймактарында бул жылдын биринчи кварталына карата иттер эхинококкозго каршы дарылоодон өткөрүлүштү. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү кабарлады.
"Гельминттерге каршы дарылар министрлик тараптан "Мал чарбачылыкты жана рынокту өнүктүрүү - 1" долбоорунун алкагында сатылып алынып, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясына өткөрүлөт. Алар өз кезегинде аймактардагы бөлүмдөрүнө жеке ветеринарларга таратууга жиберишет. 2017-жылы 55 миң долларга "Азинокс" дарысынан 2 миллион таблетка алынган. Ветеринардык инспекциянын маалыматына ылайык, республика боюнча бардыгы 389 миң үйдө багылган ит бар", - деп жазылат маалыматта.
Бишкек шаарынын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын өкүлү Жамалбек Чынкожоев шаардагы 4 райондо 27 ветеринар иштейт экенин билдирген. Ветеринардык адистер жетишпесе да, үйдө багылган иттердин баарын дарылоого аракет кылып жатышканы белгиленет.
Эхинококкоз – адамга иттерден жукчу оору. Андан эң алгач боор менен өпкө жабыркайт.
"Акыркы 10 жыл аралыгында бул ооруга чалдыккандардын саны өстү, бирок Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы аны менен ооругандардын саны 1134төн 972ге төмөндөгөн", - деп кошумчаланат маалыматта.