Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги "Токмок-автожол" көзөмөл өткөрмө бекети модернизацияланып бүгүн, 23-мартта пайдаланууга тапшырылды. Ачылыш аземине Сооронбай Жээнбеков катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда көзөмөл-өткөрмө бекети суткасына 700 автоунааны жана 5000ге жакын жаранды өткөрүүгө эсептелген.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргыз мамлекети ЕАЭБге киришинде мыйзамдык базаны жакшыртууга көңүл бурулуп, инфраструктуралык долбоорлорго тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай калганын белгиледи. Анын жыйынтыгында дыйкан-фермерлер жана ишкерлер, республикадагы экспортёрлор кыйынчылыктарга жана ыңгайсыздыктарга туш болушканын кошумчалады.
"Токмок-автожол" көзөмөл өткөрүү бекети ЕАЭБ талаптарынын алкагында жаңыланганына басым жасап, жакын арада кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жайгашкан "Кең-Булуң-автожол" өткөрүү пункту да пайдаланууга берилерин айтты.