Сот 29-мартта КТРКнын алдында өтө турчу митингге тыюу салды

Бишкекте 29-мартта өтө турчу митингге сот тыюу салды. Бул тууралуу жарандык активист Адил Турдукулов билдирди.

Анын айтымында, митинг өткөрүүгө тыюу салуу чечимин Ленин райондук соту чыгарган.

"Соттун бул чечимин мыйзамсыз деп эсептейм. Биз митинг өткөрүү тууралуу арызыбызды бир ай мурда эле бергенбиз. Ар ким каалаган жеринде тынч митинг өткөрүүгө укуктуу. Жогорку инстанциядагы сотторго кайрылабыз", - деди Турдукулов.

Айта кетсек, 29-мартта КТРКнын алдында Сөз эркиндигин коргоо комитети митинг өткөрмөк. Анда саясий куугунтукту, бир жактуу каралоону токтотуу, сөз эркиндигине кысым жасабоо жана башка талаптар айтылмак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
admin_portal
2017-03-24 11:35:02
evra_kg, провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынган.
0
kyrgyz.kg83
2017-03-24 13:06:13
КТРКаны кору денсолука зыян,давлениясы барларга деги коргонго тыйу салынат.
+2
elchi84
2017-03-24 16:31:15
КТРди азыр эч ким деле корбой калды .
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан