Майлуу-Суу шаарынын Кара-Жыгач айылында жер көчкү жүрдү

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ айылында жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ айыл аймагына караштуу Кара-Жыгач айылында болжол менен 15 миң метр куб жер көчкүсү түшүп, турак үйгө чейин жеткен. Ошондой эле 15 турак жайга баруучу ички чарбалык жолго түшкөн. Көлөмү болжолдуу 40 метр куб.

"Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө. Тазалоо иштерине Майлу-Суу шаардык жашылдандыруу башкармалыгынан техника тартылды. Жабыркагандар жок", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан