Бүгүн, 24-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Депутат Жанар Акаев КСДП фракциясынан чыгарылды. КСДПнын саясий кеӊеши "Акаевдин иш аракеттери фракциядагы ич ара ынтымакты чыӊдоого туура келбейт" деп бүтүм чыгарып, бул чечимди парламентте КСДП фракциясы да колдоого алды. Депутат эми комитеттердин жана депутаттык комиссиялардын ишине да аралаша албайт. Өз алдынча депутаттык ишин уланта берет. Акаев фракциялаштарына таарынычы жок экенин, алар буйрукту гана аткарышканын айтты. Анын фракциядан чыгарылышын көпчүлүк Текебаев-Атамбаев тирешиндеги позициясынан көрүүдө. Акаев оппозиция өкүлдөрүн мамлекеттик ММКлардан бир тараптуу каралоо жүрүп жатканын, депутат Өмүрбек Текебаевди күч менен камакка алынышын одоно катачылык деп атап, сындап келе жаткан. Башкы прокуратура президенттин аброюн коргоо үчүн Азаттык радиосу менен Заноза сайтын сотко бергенде да Акаев журналисттерди колдоп чыгып, сөз эркиндигин чектөө жакшылыкка алып барбасын эскертип жатты. Жакында Бишкекте сөз эркиндигин колдоо боюнча жарандык активисттер уюштурган жөө жүрүшкө катышып, бул акцияга тилектештигин билдирди. Буга чейин эле ММКлар аркылуу партиянын түптөөчүсү, президент Алмазбек Атамбаев менен айтышууга үлгүргөн Жанар Акаевдин бул иши партия лидерлеринин чыдамын чегине жеткирген көрүнөт, жаш депутатты фракциядан чыгарып тынышты. Фракция менен партиянын колу ушул чекке чейин гана жетет. Мандаттан депутат өзү гана баш тарта алат. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо Жанар Акаев КСДПнын алдынкы сабында келип депутаттык мандат алган. Бүгүн 2005-жылкы Март революциясынын 12 жылдыгына арналган иш-чарада журналисттер тарабынан президент Алмазбек Атамбаевге "шайлоодо Жанар Акаев КСДПга добуш алып берген, эми аны катардан чыгарууга кандай карайсыз" деген өӊүттө суроо берилди. Президенттин билдиришинче, КСДПнын жеӊишине Акаевдин салымы зор деп айтууга азырынча эрте. "Жанар Акаевди эл шайладыбы же КСДПнын арты менен өттүбү? Кийинки парламенттик шайлоодон көрөлүчү? Парламентке өтө алабы же жокпу..." - деди президент. Жанар Акаев элдин колдоосу менен депутат болгонун, мандатын жөн эле тапшырып басып кетпесин айтууда. Мындай окуя Жогорку Кеӊештин 5-чакырылышында да болгон. Ич ара пикир келишпестиктерден улам "Ата Мекен" фракциясы катарынан депутаттар Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Абдрахмановду чыгарган. Алар эркин депутат катары мөөнөтүнүн аягына чейин иштешкен. Жээнбеков партиялык авторитаризм жакшылыкка алып барбасын айтып жатат. Ошентип 24-март Акаевдерди "чыгарган күн" катары тарыхта калмай болду. 2005-жылдын 24-мартында Кыргыз эли президент Аскар Акаевди өлкөдөн кууп чыгарса, 2017-жылдын 24-мартында Жанар Акаев фракциядан куулду...
2005-жылдын 24-мартындагы революцияга арналган Бишкектеги скверге бүгүн Алмазбек Атамбаев көчөт тикти. Иш-чарага Бишкектин мэри Албек Ибраимов, президенттин мурунку кеңешчиси Икрамжан Илмиянов жана башкалар катышты. Бул иш-чара журналисттерге, ММКларга дагы бир эскертүү берүүгө президентке жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берди. Президентке ММКлардын үстүнөн берилген арыздар жөнүндө суроо узатылып, өлкө жетекчиси ушак жазган ММКларга калпты жазган кандай болорун көрсөтө турганын баса белгиледи. Ал элди журналисттер менен ушакчыларды айырмалоого чакырып, Азаттык менен Занозанын үстүнөн берилген арыздарды кайтарып албасын айтты. Ажо апасынын жана агасынын өлүмүнө ММКлар жазган жалган маалыматтар себеп болгонун дагы бир жолу айтты. Президенттик мөөнөтү бүткөндөн кийин саясатта каларын бекемдеп, "саясатта калыш үчүн сөзсүз жооптуу кызматты ээлөө шарт эмес" дейт. Президент КСДПны жаӊылоого жана тазалоого кызыкдар. "Эгер мен президент катары бийликте калгым келсе, таптакыр башка референдум өткөрмөкмүн. Калктын ошол 80 пайызы Атамбаевдин кийинки мөөнөткө калышын колдоп добуш беришмек" деген оюн бөлүштү, Атамбаев. Ажонун бул сөзү учурда интернетте кызуу талкууда.
Бүгүн, 24-март - Кыргыз Республикасынын тунгуч президенти Аскар Акаев бийликтен куулган күн. Авторитардык режимге каршы көтөрүлүп чыккан эл 2005-жылдын февраль айында өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын бурмалап, одоно мыйзам бузууга барган бийликти кулаткан. Шайлоодо Акаевдер кланы бийликке оппозицияны келтирбөө аракетин көрүп, өз адамдарын алдыга алып чыккан эле. Президенттин кызы Бермет Акаева менен уулу Айдар Акаев шайлоого катышып, экөө тең утуп чыгышкан. Ошол мезгилде Акаевдин төртүнчү ирет президенттике келүү үмүтү бар эле. Аймактардан башталып борбор шаарга жеткен нааразычылык акциялары революцияга өсүп жетип, бийликке Курманбек Бакиев келген. Бакиев 2010-жылы апрелдеги революциядан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Кыргыз өлкөсү баштан кечирген эки революцияда тең, эл үй-бүлөлүк башкарууга, энергосистемдеги коррупцияга жана жарыктын баасынын кымбаттыгына каршы көтөрүлүп чыккан. Андан бери 12 жыл өттү. Ортодо дагы бир революцияны баштан өткөрдүк. Эмне өзгөрүү болду? Элдин жашоосу оңолдубу?