Кочкордогу Семиз-Бел айылындагы мугалимдердин талабы аткарылбаса, 31-марттан тарта жумушка чыгышпайт. Бул тууралуу мугалимдер бүгүн, 24-мартта SUPER.KG порталына билдиришти.
"20-мартта өткөргөн акциябызга көңүл бурулган жок. Кочкор райондук билим берүү башкармалыгында териштирүү иштери жүрүп жатканын айтышты. Жообун күтүп жатабыз. Талап аткарылбаса, 31-мартта окуучуларды саат 10го чейин окутуп, таратып, ишибизди токтотобуз", - деди Семиз-Бел айылынын мектебинде математика сабагынан берген Темирбек Бейшеналиев.
Ал эми Арсы айылынын мугалимдери биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге бул маселени оңунан чечип берүү өтүнүчү менен кат жолдошконун билдиришти.
Кочкор райондук билим берүү башкармалыгынын башкы бухгалтери Диля Өмүрканова мугалимдердин акылары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1997-жылы 25-июнунда чыккан 377-токтомдун негизинде кыскартылып жатканын айтат:
"Токтомго ылайык, бийик тоолуу жана шарты катаал аймактарда эмгектенген мугалимдерге райондук коэффициентке жараша кошумча акы төлөнөт. Арсы жана Семиз-Бел айылдары аталган токтомдогу айылдардын тизмегине кирбей калган. Ал текшерүүдөн улам белгилүү болгон. Райондук коэффициентке эмгек стажы да кошумчаланган. Мындан улам көп жыл эмгектенген мугалимдердин маяналары жаш мугалимдердикинен көбүрөөк кыскарууда".
Эскерте кетсек, буга чейин мугалимдер айлык акылары кыскарып жатканына нааразы болуп, акцияга чыгышкан.