Кыргыз мамлекетинин 326 айылында аналог телеберүүсү өчүрүлбөйт

Кыргыз мамлекетинин 326 айылында аналог телеберүүсү өчүрүлбөйт. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта өкмөттө өтүп жаткан жыйында Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков билдирди.

Анын айтымында, бул айылдарда санариптик телеберүү менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүк жок.

“Санариптик телеберүүгө Баткен облусунун 95 пайызы, Ысык-Көл облусунун 77 пайызы, Ош облусунун 24 пайызы, Талас облусунун 69 пайызы, Чүй облусунун 47 пайызы өттү. Ал эми Бишкек шаарынын 53 пайызы өтсө, Ош шаарынын 43 пайызы өттү”, - деди ал.

Министрдин орун басары Айнура Темирбекова санариптик телеберүүгө өтүүгө бөлүнгөн 45 миллион сомго 65 жабдык сатылып алынганын айтты.

Ар бир облустардагы өкмөттүн өкүлдөрүнүн орун басарларына бул боюнча графиктер берилген. 326 айылга 211 жабдык керектелет”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
arena2014
2017-03-24 15:53:22
Баткен алдыдаго чиркин)))
-1
Gulkin
2017-03-24 16:23:31
нарын не эсепке кирбейби
+3
BarsBaatyr
2017-03-24 16:38:01
Майда толук санарипке өтөт деп адыраңдап жатпадыңар беле?
+3
Aytur
2017-03-24 18:30:21
Жалал абад жоголуп кеткенго
+2
memphis7
2017-03-25 01:07:23
Муну кылганга жараша кыргыз каналдарды уй- булоо менен чогу коро турган шартта жараткылада кинодогу уятсыз кадрларды кесип салып анан корсоткуло наглый корсотуп койбой ошол койгойлорду караштырып анан койгулада санарипти
+1
finalyear2014
2017-03-25 03:25:34
Кандайча мүмкүнчүлүк жок!!! Акча жегенде мүмкүнчүлүк болот, ишке келгенде болбойт!!!
+1
finalyear2014
2017-03-25 03:26:30
Не ошондо санарип жок айылдар бир эле КТРК ны көрүп отура береби.
+1
kadamjai90
2017-03-25 10:08:59
биздин каналдар кандай телеберуу койушту билбейт. толко орусча.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан