Кыргыз мамлекети 15-майга чейин санариптик телеберүүгө өтүүгө жетишпейт. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта өкмөттө маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова билдирди.
Анын айтымында, министрлик керектүү ретрансляцияны сатып алууга жетишпей жатат. “Жабдыкты орнотуу 40-45 күнгө созулат. Министрлик аналог телеберүүсүн өчүргөнгө жетишпейт”, - деди ал.
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков калктын 5 пайызы санариптик телеберүүгө туташпай калбашы керектигин эскертти. “Мэрлерден, губернаторлордон 15-майга чейин санариптик берүүгө өтүүнү талап кылуу керек”, - деди премьер-министр.
Өкмөттө аталган министрлик Кыргыз мамлекетинде санариптик телеберүүгө өтүү программасынын ишке ашуусу тууралуу баяндама жасады.