Бишкекте сегиз баланын энеси 1 жылдан бери "Баатыр эне" наамын ала албай убара

Бишкек шаарынын Ак-Жар конушунда 8 баласы менен жашаган эне балдарына жөлөк пул ала албай убара тартууда. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта SUPER.KG порталына Перизат Дүйшөева өзү билдирди.

"Сегиз балам бар. Алардын улуусу быйыл 18ге, ал эми кенжеси 2 жарым жашка толду. Балдарымдын бирине да жөлөк пул ала албай убара тартып жүрөм. Азыр жашаган жеримде каттоодо турбаганыман, жөлөк пул алууга мүмкүнчүлүк жок болуп жатат. Биз кайын агамдын үйүндө батирде акысыз жашайбыз. Ал эми туулган жерибизге документ тапшырып ошол жактан алайын десем, жөлөк пул алуунун тартиби боюнча биз ошол жерде жашашыбыз керек экен. Ал жакка барып жашаганга мүмкүнүчүлүгүбүз жок. Айылда жумуш да жок", - билдирди Дүйшөева.

Перизат Дүйшөева 36 жашта. Ал Нарын облусунун тургуну. Үй-бүлөсү Бишкек шаарында жашаганына 10 жылга чукулдап барат. 2016-жылы балдарына жөлөк пул алуу үчүн 1 жыл бою аракет кылып ала алган эмес. Ал тургай Дүйшөевага "Баатыр эне" наамы да бериле элек.

"Бишкек шаарынын Свердлов районундагы тиешелүү кызматтарга аракет кылып жөлөк пул ала алган жокмун. Айтор, жашообуз кыйын эле. Жолдошум жалданма жумушчу болуп иштейт. Ага да кээде жумуш болуп, кээде жумушу жок калат. Анын мугалимдик кесиби бар, бирок мугалим болуп иштеп, айлык маянасы менен тиричилик өткөрүү мүмкүн эмес. Өзүм болсо балдарым менен болуп, иштебей үйдө отурам. Алардын алтоосу мектепте окуйт. Ар бирине кийим, окуу куралдарына жумшалуучу чыгымдарын таап бер албай кыйналабыз", - деди каарманыбыз.

Бул үй-бүлөгө туугандары кол кабыш кылып жардамдашып турат. Анткени менен өз алдынча татыктуу жашасак деп тилек кылышарын айтат ал. Балдардын энеси "жок дегенде ар бир бала үчүн 500 сомдон жөлөк пул алсак, үйдөгү чыгымдарга жумшалып, жардам болмок" деген ойдо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
akil.91
2017-03-24 13:56:18
Башка бир кабарда да бул уйдун фотосу турат го. Эки баласы менен жардамга мухтаж аял деген кабарда.
+7
kirgizstan
2017-03-24 14:58:14
Бул жана чыкты элего эки балалуу аялга жардам берип жатат дем
+2
Aytur
2017-03-24 18:23:46
Менин апам да пенсияга чыгайын десе 8 баланыз бар экен баатыр эне наамын алыныз дептир бирок акчаумуттонуп эле бербей атат дейт апам. Булардан суранып баатыр болгончо балдарыма омур берсин деген
+3
guli-1980
2017-03-25 01:23:34
Баатыр энени эн кичуу баласы 12 жашка толсо анан алат го. Же закон озгорду беле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан