Токтогул суу сактагычына 1-апрелге 12,7 миллиард куб метр деңгээлинде суунун топтолушу күтүлүп жатканы айтылды

1-апрелде Токтогул суу сактагычында 12,7 миллиард куб метр деңгээлинде суунун топтолушу күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта өкмөттүн жыйынында өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

Ал билдиргендей, 2016-жылы суунун көлөмү 8,9 миллиард куб метрди түзгөн. Былтыркыга салыштырмалуу суунун көлөмү быйыл 3,8 миллиард куб метрге көп боло турганын кошумчалады төрага.

“Токтогул суу сактагычында 2016-жылы суу топтолуу маселеси жакшырган. Былтыр 1-октябрда суунун көлөмү 17, 3 миллиард куб метр болуп, 2015-жылга салыштырмалуу 4,3 миллиард куб метр көп болгон”, - деди ал.

Өкмөттө суу сактагычты 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча талкуу өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан