Өлкөдөгү кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрү 12 КМШ өлкөлөрүндө жумушка орношо алышат

Кыргыз Республикасындагы 100 окуу жайдын 62 лицейи жеңил жана текстиль өнөр жайы боюнча окутат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги бүгүн, 24-мартта билдирди.

"Жогорку билим алуудан кесиптик техникалык билим алуунун эң башкы айырмачылыгы: окуучулар бекер окуп, жатаканада жашап, окуу практикасында кошумча каражат таба алышат. Кесиптик лицейлер жумуш берүүчүлөр менен тыгыз байланышта болуп, алар менен эки тараптуу келишим түзүшөт. Эрежеге ылайык, окуунун 60 пайызы практика учурунда өтөт. Анда кылынган жумуш акысы төлөнүп берилет", - дейт Башталгыч жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин башчысы Таалайбек Чолпонкулов.

Министрликтин маалыматына ылайык, бул багыттагы адистерге талап көп болууда. Кыргыз Республикасынын кесиптик лицейлеринин бүтүрүүчүлөрү 12 КМШ өлкөлөрүндө жумушка орношконго жарачудай сертификат жана дипломдорго ээ болушат.

Өлкөдөгү 100 окуу жайдын 93ү кесиптик лицей, алтоо Мамлекеттик жаза аткаруу инспекциясынын окуу жайлары жана бирөө Токмоктогу Индустриялык-педагогикалык колледж.

"Жыл сайын республикалык бюджеттин эсебинен кесиптик лицейлерде 28 миң адам окуйт жана 10 миңден ашууну контракттык негизде окуйт. Кесиптик техникалык билим системинде 100дөн ашуун талап кылынган кесип боюнча окутуулар жүрөт. Жалпысынан 3500 мугалим иштейт", - деп жазылат министрликтин маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан