Талас районунун Кеңеш айылында селдин алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чаралары жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 23-мартта саат 17:00 чамаларында Бекмолдо айыл өкмөтүнүн Өзгөчө кырдаалдар адиси Ч.Нусубалиев телефон аркылуу Талас районунун Бекмолдо айыл аймагындагы Кеңеш айылынын түштүк тарабында жайгашкан сайлардан сел өткөрүүчү каналга сел суулары түшүп жаткандыгы жөнүндө маалымат берген.
"Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан селди алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чараларынын негизинде механикалык тазалоо жумуштары жүргүзүлүп бүткөрүлгөн. Суу Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолундагы 71-чакырымында жайгашкан көпүрө аркылуу тоскоолдуксуз Талас дарыясына куюп жаткандыгы жана Кеңеш айылынын турак үйлөрүнө коркунуч келтирбегендиги такталган. Ошондой эле турак жайларга коркунуч жок болгондугуна байланыштуу, жергиликтүү айыл аймактын деңгээлиндеги түзүлгөн кырдаалды айыл аймактын Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде изилдөө иштерин жүргүзүп, акт түзүү боюнча айыл өкмөттүн өзгөчө кырдаал адисине тапшырма берилген. Кырдаал оорлоп баратса, ӨКМнын райондук бөлүмүнө ыкчам маалымат берүүсү жөнүндө эскертилген. Азыркы убакта суу тартылды жана каналда кайрадан механикалык тазалоо иштерин жүргүзүү зарыл", - деп билдиришти министрликтен.
Ал эми "Элдик кабардагы" сүрөттөгү көпүрө Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 71-чакырымынын түштүк тарабындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тротуардын көпүрөсү экенин билдиришти.
"Сел суулары жээктерин жеген көпүрөнү калыбына келтирүү жумуштарын аткаруу №36-Жол тейлөө ишканасына милдеттендирилди. Күйүүчү-майлоочу каражат райондук бөлүм тарабынан айыл-өкмөтүнөн суралган, жарандардан сурап жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт", - деп кошумчалашкан министрликтен.