Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ак-Жар конушуна 10 жылдан ашуун убакыттан бери айыл макамы берилбей келет. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта SUPER.KG порталына Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы Манас Касымбеков билдирди.
"Ак-Жар конушу Аламүдүн районунун аймагында жайгашканы менен, документтерге ылайык бизге карабайт. Конуштагы турак жайлар мыйзамсыз курулган. Жашоочулардын үй куруу аракеттери өлкөдө башаламандык учурунда башталган. Бул убакта жер жеке менчик болгон. Учурда бул конушту Бишкек шаардык мэрияга өткөрүп берүү аракеттери көрүлүүдө. Буга чейин шаардык мэрия суу маселесин карап беришти. Атайын маршруттук каттамы иштеп жатат", - деп билдирди Касымбеков.
Анын маалыматы боюнча, Ак-Жар конушунда 2 миңдей кожолукта 9 миңден ашуун эл жашайт. Конуштун жашоочуларына архитектура курулуш адистери үй курууга уруксат беришкен эмес. Ал тургай мындагы турак жайлардын документтери жок. Манас Касымбековдун айтымында, бул аймактын жери борпоң, үй куруу талабына жооп бербейт, жер кайсы күнү чөгүп кетиши ыктымал.