"Бишкек жылуулук электр борборун жергиликтүү көмүр менен камсыз кылуу көлөмүн 1 миллион тоннага чейин көбөйтүү керек. Ата мекендик көмүр өндүрүүчүлөр мындай көлөмдү камсыздоого даяр", - деп 24-мартта өкмөттүн жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди.
Ал белгилегендей, быйылкы жылы Бишкек жылуулук борборун реконструкциялоо ишинин аяктоосу менен кошумча кубаттуулук алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
"Буга байланыштуу ЖЭБди жергиликтүү көмүр менен камсыздоого басым жасалат. Мындай кадам ата мекендик көмүр өндүрүү тармагын өнүктүрүүгө жана импорттун санын азайтууга шарт түзөт", - деди өкмөт башчы.
Мындан тышкары премьер-министр бардык мамлекеттик мекемелер электр энергиясын сарамжалдуу жана үнөмдүү пайдалануусу керектигин баса белгиледи.
Жыйындын соңунда 2017-2018-жылдын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүдө Улуттук энергохолдинг компаниясына дебитордук карызды жабуу боюнча иш-чараларды активдүү жүргүзүү тапшырмасы берилди. Ал эми Өнөр жай, энергетика жана кен казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине аталган маселени көзөмөлгө алууну тапшырды.