SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Компьютер оюндарын ойногондорду кантип койдурабыз?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр: "Телефонун талкалап салыш керек, менин дагы иним кечке ошол оюнду ойной берип, окуусун карабай койгон эле, ошондуктан азыр уюлдук телефону жок калды..."
"Кээ бирлери ойноп жатып өзүнчө эле бактылуу "мен муну "атака" кылып, мынча "эликсир", мынча "хрусталик" утуп алдым" деп же анысынан чыныгы акча чыкпагандан кийин убакытын текке кетирип эле отурушат же эмне бул бир оорубу?"
"Менимче, психологго көрсөтүш керек, антпесе оюндардын зыяндуу жактарын көп эле көрүп жүрбөйбүзбү".
"Анын бир жолу бар, телефонун алып, вирус киргизип коюш керек, уюлдук телефон да жок, оюн да жок болот".
"Акыркы убактын көйгөйлүү маселесине айланды. Мектеп окуучуларында телефон бар, ошол оюнду кечке ойношот. Сабак деле окулбай, үйгө келсе ата-энеге жумуш жасап, жардам берүү да жок. Ал эми чоң эле бала-чакалуу кишинин бул кылыгы күлкү келерлик. Жакшы эмес көрүнүш, уят".
"Бирок биз, кыздар, оюн ойнобосок да, кечке форумга кирип телефон чукулаганды койбой элебиз го?"
"Оюн ойносо жакшы экен. Кээ бирөөлөр сыяктуу социалдык тармактарга кирип, сыр сөзүн бербей бекитип, ар ким менен жазышкандан көрө... Бирок, албетте, ашыгы менен ойносо кыжырыңды келтирет".
"Компьютерде футбол ойнойм, чын эле бир кызыгып кетсең кандай кирип алганыңды, канча саат өтүп кеткенин билбей каласың. Бир оюнду интернет начар болгонуна ачууланып өчүрүп салдым. Эч кимге көңүл бурбай каласың, автор туура айтат".
"Уюлдук телефонун ыргытып жиберсең да, бузуп жиберсең да, азарт да, ал кайдан болбосун таап ойной берет. Качан гана ал оюндардын аягына чыга албасын түшүнгөндө, тажаганда өзү эле ойнобой калса керек. Ага чейин урушасынбы, башкабы, оюнга берилгендерге аалам тегиз".
"Биздин үйдө күйөөмдүн телевизордон, менин болсо интернеттен башыбыз чыкпайт. Анан бири-бирибизге "мени карабайсың" деп таарынабыз. Акыркы мезгилде бул адаттарыбызга көнүп деле калдык окшойт".
"Ээ ошондой оюндун айынан көп урушчу элек. Кечке ойносо да мейли эле, кээде таң атканча ойночу. Ноутбугун бир уруп талкаласам, уюлдук телефондон ойноп, кыскасы оюн ойногон адатын калтыра алган эмесмин. Азыр да ойноп жаткандыр, ким билет..."
"Жолдошум кээде күнү-түнү дебей "дота" ойнойт. Аябай ачуум келет, ошонун айынан урушуп да жатабыз. Силердин жолдошуңар уюлдук телефон ойносо да үйдө экен, меники компьютердик клубга кетет, тажабай 6-7 саат да отура берет. Бир күнү айттым "балаң чоңойсо экөөң ойногула эми" деп, ага да болгон жок. "Же мени, же дотаны" танда деп да көрдүм. Акыркы күндөрү "дота" дегенди уксам эле "нервим кашайып" кетет. Кантип калтырам билбейм".
"Клеш оф кленс" деген оюнду мен да бир жылдан ашык ойногом. "Кланга" эки балам да кошулган эле, атайын уюлдук телефон сатып берип оюнга киргизгем. Анан акырында тажап калат экенсиң, азыр эч кимибиз ойнобойбуз. Досторум да тажап кетишти. Жөн койгула, өздөрү тажаганда ойнобой калышат, "кой ойнобо" деп койдура албайсың".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.