Кыргыз-казак чек арасындагы "Кең-Булуң унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү пункту 27-марттан тарта жабылат

Кыргыз-казак чек арасындагы "Кең-Булуң унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү пункту 27-марттан тарта жабылат. Бул тууралуу чек ара кызматынын басма сөз кызматы бүгүн, 24-мартта кабарлады.

"Көзөмөл-өткөрүү пункту куруу иштерине байланыштуу убактылуу жабылып, транспорттук каражаттар, жүктөр жана жарандар өткөрүлбөйт. Куруу иштеринин аякташы тууралуу дагы кошумча маалымат берилет. Куруу иштери өткөрүү пунктту жакшыртуу максатында 2016-жылы октябрь айында башталган. Анын жаңыланышы өткөрмө жөндөмдүүлүгүн жогорулатып, эл аралык стандартка дал келтирет", - деп айтылат маалыматта.

Бул маалда жарандар “Акжол унаа жолу”, “Актилек унаа жолу”, "Чалдыбар унаа жолу" жана "Токмок унаа жолу" өткөрүү пункттары аркылуу өтүп турушат.

Мындан сырткары “Актилек унаа жолу”, "Чалдыбар унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү пункттары да оңдолору пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
scorp
2017-03-24 21:57:41
айрыкча Чалдыбарды ондош керек эле азаматсын Кыргызстан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан