ЭЛДИК КАБАР: Оштогу ири дүкөндөрдө "Мээримдүү жүрөк" текчелери коюлду

Ош шаарындагы ири дүкөндөрдө "Мээримдүү жүрөк" текчелери ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта окурман SUPER.KG порталына билдирди.

"Бул текчелерди ачуунун максаты - аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, кыйынчылыкка түшкөн адамдарга жардам берүү жана боорукерликке чакыруу. Учурда мындай текчелер 7 ири дүкөндө ачылды. Ар бир жаран бул текчелерге азык-түлүк калтыра алат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
evra_kg
2017-03-25 11:17:25
эн сонун го кобойо берсин
+6
Nevestkaa
2017-03-25 11:21:14
Дүкөндүн эсебинен коюп жатышабы же каалаган адам колунан келген азык түлүктү кое беришеби,ошол ж.ө да жазып койгулачы.
+1
tagokg
2017-03-25 11:21:56
жакшы жөрөлгө. Садыр Жапаров келдиби жазгылачы.
+2
kechirmeni
2017-03-25 11:29:45
По ходу сатып алып анан коет окшойсун
+3
myrzakarimovich
2017-03-25 11:46:40
Эми продуктага ошол жерге барып еле алып кете бериш керек экенда ее
-8
Benazir08
2017-03-25 12:00:09
myrzakarimovich,ушу да сөз болдубу жакшылыгыңы айткансып. Аябай эле жакшы болуптур бирок аны күндө жеткирип берип туруша бекен?
+4
sabirdinovich
2017-03-25 12:26:45
myrzakarimovichке жооп: Ооба эгер сен чын эле абдан муктаж жана ушунчалык кедей болсоң албетте алып кете берсең болот. Ал эми колуңда бар туруп алган болсоң, кедейлердин акысын жеген болосуң. Андан көрө жардам берип, башкаларга азык-түлүк алып берсең кандай сонун.
+7
salimbek87.kg
2017-03-25 12:14:35
Аллах разы болсун жакшы .
+4
toktor89
2017-03-25 13:20:23
МаШаАллах Аллах Таала ыраазы болсун
+1
Ulan2601
2017-03-25 15:13:02
Смартфон кетти!! Ошту борбор кылыш керек таза шаар
-1
Basko94
2017-03-26 12:35:14
Азаматтар!эми ар бир дүкөндө ушундай болсо сонун болот!
0
cfif03748
2017-03-28 20:41:23
Жакшы жанылык

0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан