25-мартта Беларустун Минск шаарында өкмөткө каршы митингде 100дөн ашуун адам кармалды. Бул тууралуу европалык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматтарга ылайык, аталган митинг Беларуста акыркы бир нече аптадан бери “бекерпоздор салыгы” деп аталган президенттин мыйзамына каршы нааразылык акцияларынын уландысы болгон. Бул мыйзам боюнча, туруктуу жумушу жок жаран мамлекеттик бюджетке 200 долларга жакын акча каражат төлөшү керек.
"Оппозицияга бул күнү митинг өткөрүүгө уруксат берилген эмес. Буга чейин президент Александр Лукашенко башка мамлекеттердеги күчтөр өлкөдөгү кырдаалды курчутууга аракет кылып жатышканын айткан", - деп жазышат басылмалар.