ЭЛДИК КАБАР: Оштогу базардын көпүрөсүндө тосмо жок, жаш балдар андан кулап кетиши мүмкүн

Оштогу базардын көпүрөсүнүн бир башындагы тосмосу жок. Мындай нааразычылыгын бүгүн, 26-мартта SUPER.KG порталына окурман билдирди.

Анын айтымында, тосмо жок болгондуктан жаш балдар көпүрөдөн сууга кулап кетиши мүмкүн. "Мындан тышкары соодагерлер ичеги-карынды жууп, сууну Ак-Буурага тосмо жок жерден төгүп жатышат", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (28)
bond02
2017-03-26 18:51:39
Саидмухтар беле Second Hand?
0
SsabirovaM
2017-03-26 20:11:15
кайсыл жерден бул копуро?
0
asylbekovJ
2017-03-26 20:12:27
бул менчик копуро болушу мумкун
0
talantbekkyzy.aida
2017-03-26 20:14:15
эээээ, канча кун турат..эски копуро экен
+2
Nendi15
2017-03-26 20:32:56
Мелис Мырзакматов келгенде ондолот,ансыз ондолбойт.
+5
meni_kut
2017-03-26 20:37:02
Nendi15,Мелис барда деле ондолбогон.СССР замандан бери ондолбой турат.
-5
Ronni7
2017-03-26 20:54:29
Мелисинди айта бербечи колунан келбейт анын. Эл озу эле жазаш керек башка эч ким ондоп бербейт.
-6
Jarookerjan
2017-03-27 00:41:34
Ronni7,сенин колундан эмне келет деги?
+3
Altyn2017
2017-03-26 21:28:45
Э ушул тосмолорду краскалап койгонго да акча жокпу э ушул бийликте Ошко барганымда мен озум эле краска алып краскалап берейинчи ушул бийлике жардам болсун кетсе 5 литр краска кетеер да
+3
Patriotkgz93
2017-03-27 00:21:55
Altyn2017,. Мен тосуп беремин сварочный апарат бар сен краска ал 2 саатта бүтүрүп койобуз. 89090337318. Ватсап
+3
lady.girl7997
2017-03-27 04:27:06
Patriotkgz93, Анан суротко тартып чыгарып койгула!! Кутобуз элдик кабардан силерди!!
+1
Jarookerjan
2017-03-26 21:35:41
Ошол копуроонун астында алтын кени бар экен десенер,анан жогору жактагылар чуркап барат.Элге,мамлекетке откоро койбой копуроого тосмо тосуп,эч кимди тушурбой алтынды озубузго алып калалы деп.Антпесе аларга адам олуп,эл кырылып жатса да баары бир.Байлык,бийлик,акча болсо болду.
+2
Nendi15
2017-03-26 23:29:17
Ronni7,Мелистин колунан келгени учун Ош шаарын жаркыратып койгон. Азыр байкасан шаарды мусоркана,тешилген жолдор ж.б. Эстакадалык копурону айтпай эле коёюн..
+2
aikokul14
2017-03-26 23:30:23
Суу кордонон кор болоор дейт,сууну булгабагыла,өлөөрүңөрдү дагы ойлогула,өлүктү жууганы да суу керек.
+3
Bubu88
2017-03-27 02:45:27
Ордолуу берекелүү Ош шаары
0
Bubu88
2017-03-27 02:50:48
Ушул Мелисти жаман эле даңазалап бүтпөй койдунар да ал деген көпүрө салам деп миллион акчаны кымырып алган ошол акчасынан кичине чыгарып элди камсыздап коюптур эми ошону кылым карытып айттынар го акчасы кеңири ошон учун жыргап чет мамлекетте жашап жүрөт кыйын болсо келбейби качпай
-3
Abubakir05
2017-03-27 07:34:29
Bubu88,жесе дагы шаарды ондоп койгон копурону азыркылар эле жеди уномдоп жатабыз деп жарым акчасын чонтокторуно салып.
-1
Asan123
2017-03-27 02:51:11
Мен тушунугум боюнча качан интернетке чыгып Кыргызстан танып баягы жерди анан ондолобу ага чейин чондор бир нерсе кылбайбы Ким жоооп бериш керек?
Анда бизге бийликтин эмне кереги бар эл мамлекетке коз каранды эмес
Мамлекет элге коз каранды Кыргызстан
+3
islan_85
2017-03-27 06:44:20
"эл бийликке эмес,бийлик элге кыз мат кылуу керек"-деген создун кадыры кеткен
+1
Amirov-kutman
2017-03-27 08:54:00
Бакиев куноолу
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан