Социалдык өнүгүү башкармалыгы: "2 баласы менен кошунасыныкында жашаган эне документтерин тапшырса, жөлөк пул алат"

Сокулук районунун социалдык өнүгүү башкармалыгы Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө каттоодо турган Бактыгүл Жамбылбек кызы айыл өкмөткө аз камсыз болгон балдары бар үй-бүлөгө берилүүчү жөлөк пулду чектеп берүү арызы менен кайрылганын бүгүн, 27-мартта SUPER.KG порталына кабарлады.

"1992-жылы туулган Бактыгүл Жамбылбек кызы Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында атасынын үйүндө каттоодо турат, бирок жашабайт. Ал өкмөткө аз камсыз болгон балдары бар үй-бүлөгө берилчү жөлөк пулду чектеп берүү арызы менен кайрылган. Атайын түзүлгөн комиссия анын үйүнө барып жашоо шарты менен таанышып, аз камсыз болгон балдары бар үй-бүлө катары жөлөк пулга муктаж экендигин аныктап, социалдык паспорт ачып, материалдык жардам көрсөтүлгөн. Комиссия чечиминин негизинде Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкери Бактыгүл Жамбылбек кызына керектелчү документтердин тизмесин берген. Бирок ал документтерин чогултуп алып келбегендигине байланыштуу, ай сайын аз камсыз болгон балдары бар үй-бүлөлөргө берилүүчү жөлөк пул чектелген эмес", - деп билдиришти башкармалыктан.

Эскерте кетсек, кош бойлуу Бактыгүл Жамбылбек кызы эки жаш баласы менен көчөдө калып, кошунасынын үйүндө баш калкалоодо. Ал өзүнүн паспортун азык-түлүк алууга күрөөгө таштап, жоготуп алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
BarsBaatyr
2017-03-27 13:55:33
Жакшыраак териштиргиле.Дагы тустуу сыналгысы бар болуп калып,адашып берип албагыла
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан