Аскар Акаев кызы Бермет Акаева менен биргеликте Кыргыз мамлекетинин келечеги тууралуу китеп жазды. Бул тууралуу 25-мартта Кыргыз Республикасынын тунгуч президентинин расмий сайтына жарыяланды.
"2030-жылдарда Кыргыз мамлекетинин мыкты келечеги кандай болушу керек? Ага жетишүү үчүн кандай стратегия керектелет? Стратегияны ишке ашыруу үчүн Кыргыз өлкөсүндө маалыматтык коомчулукту түзүү мүмкүнбү? Кыргыз мамлекети экологиялык жактан таза өлкө боло алабы? Интернет-индустриясында кирешелүү экономиканы түзө алабы? Кыргыз мамлекетинин келечегине арналган китепте авторлор жогорудагы суроолорго жооп издешет" деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле өлкөнүн өнүгүү стратегиясы жазылган китепти бардык Кыргыз жарандарына окуу сунушталары жазылат.