Өзгөн районунун Зергер айыл өкмөтүнүн Ничке-Сай айылындагы кооптуу жайда жашагандарга убактылуу баш калкалоо үчүн бүгүн, 27-мартта саат 02:45те 10 орундук 30 даана чатыр, 35 куту гигиеналык каражаттар, 20 меш бөлүнгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
"Учурда кооптуу тилкеде жашаган айылдыктарды көчүрүү маселеси каралып жатат. Кошумча дагы 20 куткаруучу тартылып, чатырларды орнотуп, жардам көрсөтүп жатышат", - деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 26-мартта аталган айылда көлөмү 500 миң метр куб, узундугу 800, туурасы 120, бийиктиги 8 метрге жеткен жер көчкү жүрүп, 4 үйдү басып калган. Алардын биринде 6 адам бар экени маалым болгон. Жер көчкү токтобой жатканына байланыштуу издөө иштери убактылуу токтотулган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жер көчкүнүн астында калган Өмүрзак Эгемкулов 2 бөлмөлүү үйүн 1996-жылы атасы көчүрүлгөн жерге уруксатсыз салып алган.