28-мартта Бишкектин айрым аймактарында таза суу берилбейт

"Бишкексууканал" башкармалыгынын Бишкек шаардык мэриясына берген билдирүүсү боюнча, 28-мартта саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарынын айрым райондорунда таза суу берилбейт.

Маалыматка ылайык, "Киркомстром" суу алгычын оӊдоп-түзөө иштерине байланыштуу Дэн Сяопин, Абакан, Мурманская, Садыгалиев, Волкова жана Кустанай көчөлөрүндө, анын ичинде: "Бишкекжылуулукэнерго" мекемесинин буу казанында, "БСМ", "Нургаз" жоопкерчилиги чектелген коомдоруна, Бекбоев медициналык борборунда, "ЧП Васипов", кичи наабайканасында, "Бактылуу өлкө" бала бакчасында, Балдарды коргоо борборунда, №37 балдар комбинатында, №42 орто мектебинде, жана №97632 аскер бөлүгүндө таза суу берилбейт.


"Бишкексууканал" башкармалыгы ыӊгайсыздык жараткандыгы үчүн кечирим сурайт жана шаар тургундарын, мекеме, уюмдарды таза суу камдап алууларын суранат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан