Бейөкмөт уюмдар Боинг кырсыгынан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн чогулган каражатты бөлүштүрүп беришти

Кырсыкка кабылган "Боинг-747" учагынан жабыркаган жарандарга жардам катары чогулган каражат бөлүштүрүлдү. Бейөкмөт уюмдарда жардамды чогултуу 2017-жылдын 1-мартында аяктаган. Каражаттарды бөлүп берүү иш-чарасына "Кызыл жарым ай" коомунун президенти Азамат Баялинов жана "Жардам берүү оңой" коомдук фондунун директору Динара Аляева катышты. Бул тууралуу 27-мартта SUPER.KG порталына "Кызыл жарым ай" коомунун өкүлү Бегимай Асанова билдирди.

"Коомдук уюмдар тарабынан кырсыктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн ачылган эсеп 1-мартта жабылды, жалпы 5 127 013 сом келип түштү. Кырсыктан ата-энесинен ажырап, жалгыз калган балдарга 798 000 сомдон, жарым жетимдерге 300 000 сомдон, үй жайсыз калгандарга 60 000 сомдон, жакын адамдарын жоготкондорго 70 000 сомдон берилди. 150 000 сом жабыркагандардын дарыланышы үчүн деп "Жардам берүү оңой" коомдук фондунда калтырылды" деп айтылат маалыматта.

Ал эми ӨКМнын атайын эсебине жалпы 96 миллион 532 миң 026 сом 61 тыйын чогулганын өкмөттүн басма сөз кызматы 16-мартта билдирген. Өкмөттө өткөн жыйында чогулган каражатты бөлүштүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
kokboru
2017-03-27 14:53:51
Тушунбой калдым кана Анда Ал сумма 96....?
+3
KGstan1981
2017-03-27 14:55:00
Эми ОКМге тушкон 96 млн сом акчалар качан элге болунуп берет жэ мультимиллионер руксат бербей жатабы.
+8
Ulan2601
2017-03-27 14:58:28
KGstan1981,Товардын акчасы чыкпай жатса керек та
+8
Jarookerjan
2017-03-27 20:21:35
Ulan2601,ооба ушуну да аран беришти.Дача Судагылар кайра кайра митингге чыкпаганда ал да берилмек эмес.Жуктун акчасы чыкпай жатат.Кандай шылтоо айтсак экен деп ойлонуп жатышат.Кечиктирип,кечиктирип журуп акыры унуттуруп жиберебиз деп жатышса керек.
0
Sagyn.91
2017-03-27 15:00:25
Жаз айланып кыш келет муну болуштуруп бергичеин.
5млн болунуп берилиптир.
А 96 млн качан болунуп берилет?
Ар бирине уй тургузуп берсе да жетет бул акча.
+3
shura89
2017-03-27 15:08:45
Банкта сактап тура бергиле силерге пайда проценти билесинерби 96 милионго бир айда канча процент акча тушот ошого тптпай жктышат ХХХ
+2
vip.aidan96
2017-03-27 15:24:43
Уй жайсыз калгандарга 60000мин эле сом болунуптурго ааз
+3
satarovkubacom
2017-03-27 18:49:37
Эх атандын кору(( Устубуздо эгебиз баарын коруп билип турат жоп берчу кун да келет бирок анда кеч болот кеч болгон жаза каттуу болот ошону унутбагыла Динсизер!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан