Бишкекте 1 миллион 716 миң сомго сатылган 01 777 ААА номуру Фольксваген Вентого катталган. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.
Буга чейин интернет-колдонуучулар 1 миллион 716 миң сомго сатылып алынган 01 777 ААА номуру Бишкекте Фольксваген Венто үлгүсүндөгү унаадан байкалганын жазышкан. Айрымдар аталган унаадагы "крутой" номур фотошоп менен жасалганын айтып чыгышкан.
Бул боюнча Патрулдук милиция башкармалыгы Мамлекеттик каттоо кызматына суроо-талап жөнөтүп "01 777 ААА номуру Фольксваген Венто үлгүсүндөгү унаага катталган" деген жооп алышкан.