Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматына республикалык бюджеттен кошумча 48 миллион 235 миӊ сом берилет. Мындай чечим Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында кабыл алынды. Көчмө жыйын Каржы министрлигинде бүгүн, 27-мартта өткөн. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин төрагасы Замирбек Осмонов кызматкерлерге материалдык колдоо көрсөтүү жана мекеменин материалдык-техникалык базасын чыӊдоо максатында кошумча каражат керек болгонун айтты.
Депутат Төрөбай Зулпукаров Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын алдында өтө жооптуу милдеттер турганын, ошондуктан ал атайын мыйзамдын негизинде иштөөсү керек экенин баса белгиледи. Ал мыйзам долбоорун даярдоо боюнча биргелешип иштешүүгө даяр экенин кошумчалады.
Ал эми депутат Умбеталы Кыдыралиев аталган мекеменин жер-жерлерде иштеген кызматкерлери инвесторлорго кысым көрсөтүп иштетпей жатканын айтып, аларга карата катуу чараларды көрүүгө чакырды.
Маалыматка караганда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматында баш-аягы 360 кызмат орду бар.