СУПЕРСТАН: "Өз сырын бирөөгө ачкан хакер, чыныгы хакер эмес!"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Хакердин сыры: ал кантип иштейт?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Менимче, алар жөнөкөй эле, башкалар байкабаган нерсе менен хакерлик кылат. Бирок ал нерсеге биздин оюбуз жетпейт, ошондуктан алар өздөрүнүн сырларын ачпайт, ачса жөнөкөй эле нерсе болуп чыкса керек".

"Тескерисинче, сырын ачып, сага үч күн түшүндүрсө да мээңе кирбейт, мага ишенип коё бер".

"Хакер (англис тилинен “hacker” – “кесүүчү”, “бузуп салуучу” деп которулат) – компьютердик системдер менен программаларды ийне-жибине чейин кылдат билген адам. Башында хакерлер деп программалык камсыздоодогу каталарды бат оңдогон кишилерди аташчу. Мындай оңдоолордун оройлугуна байланыштуу ал жумуштар балталап салуу катары мүнөздөлчү. Ошол себептен “хакер” аталышы пайда болгон".

"Дүйнөгө белгилүү хакердик чабуулдардан мисал келтирели. Эгерде дүйнөдө хакердик сынактар өткөрүлсө, анда Кевин Митник (АКШ) калыстар тобунун төрагасы болмок. Ал 1983-жылы Пентагондун жашыруун маалымат сактаган компьютерине жашыруун кирүүгө мүмкүнчүлүк тапкан. Ошол үчүн 1988-жылы камакка алынып, досунун саткынчылыгынын айынан 1 жылга эркинен ажыратылган".

"Кыргыз жеринде бир нече жыл мурун өздөрүн “Кислотный дождь” аташкан хакерлердин тобу өлкөбүздүн көптөгөн компьютерлерине вирустук чабуулду жаадырып элге таанылышкан. Алардын шакирттери учурда да бар экендиги тууралуу кептер айтылып келет".

"Көп учурларда шыктуу хакерлер жогорку окуу жайларын бүтүшпөйт, кээ бири мектепти бүткөндүгүн тастыктаган аттестаты менен дагы мактана алышпайт. Хакерлерди даярдоочу атайын окуу курстары жок. Алардын көбүнчөсү "самоучкалар" болушат".

"Хакерлер бир эле иш менен айлар, жылдар бою алек болушат. Алар эрикпей иштерин так аткарышат, бир да ката болбойт, шашпай баарын ойлоп, эсептеп, "кандай кылсам болот, эмне кылсам жабырлануучулар мени билбей калат" деген сыяктуу суроолорго шашпай кенен ойлонуп, анан ошол жообуна 100 пайыз ишенгенден соң гана аны ишке ашырууга киришет".

"Эмнеси болсо да, мамлекетибизге күчтүү хакерлер керек экендиги, министрликтердин жеке сайттарына кайра-кайра чабуул коюлуп жаткандыгы далилдеп жатат".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан