25 жаштагы бакма кыз Алтынай (аты өзгөртүлдү) учурда сырты кыш менен тосулган вагондо жашап жатат. Төбөсүнөн суу агып, шарты жок жайда чиедей 3 баласы менен күн кечирип жаткан эненин айтымында, жолдошу аны 3 баласы менен таштап кеткен.
АПАМ ТӨРӨТКАНАДАН ТАШТАП КЕТКЕН...
Атым Алтынай, 25 жаштамын. Мен төрөлгөндө эле апам (ред. багып алган апасы) Сокулуктун төрөтканасынан үйгө чыгарып келген. Ошондон бери эч кемсинтпей, 3 баласына кошуп өзүнүн кызындай чоңойтту. Өзүмдүн ата-энемдин кандай, каякта жашаарын билсем дагы көргүм келбейт. Апам деле тааныштырып келейин дейт. Таштап кеткен адамга кантип жүрөгүң тартат?
17 жашка келгенде турмушка чыктым. Биринчи кызым үч жашка чыкканга чейин жакшы жашадык. Бир күнү өкүл атабыздыкынан чыгып үйгө келе жатканбыз. Жолдошум унаасы менен бир кызды сүзүп алып, ал ошол жерден каза болду. Тапканыбыздын бардыгын ошол жакка берип, эч нерсебиз жок отуруп калдык. Жолдошум убактылуу кармоочу жайда 1 ай отуруп чыккандан кийин ичимдик ичип, ачуулу болуп, кол көтөрө баштады. "Кетип калсам, 2 балам менен кайда батмак элем" деп чыдап жашап жүрдүм.
ТОКМОКТО ТАЛААДА АКЫГА ЧЫГЫП, УНАА ЖУУЧУ ЖАЙДА ИШТЕДИМ
Акыркы күндөрү жолдошум кыздар менен ачык эле сүйлөшүп, тентип кетчү болду. Токмокто жумуш жок болгондуктан жайкысын талаада жалданып иштеп жүрдүм. Бир күнү тапкан акчама үйгө азык-түлүк алып келе жатсам "эмнеге акча алып келбейсиң?" деп колумдагыларды ыргытып жиберди. Балдар ачка отурган күндө да боору оорубай, батирге деп чогулткан акчаларды сабап туруп алып кетчү. Ошентип бир күнү батирдин ээси үйүнөн чыгарып салды.Тааныштарым унаа жуучу жайдын времянкасына "бекер эле жашап, карап тургула" деп киргизип коюшту. Ошол жерден унаа жууп, өз алдымча оокат кылганды үйрөндүм.
"ӨЛТҮРҮП, ҮЙҮҢДҮ ӨРТТӨП КЕТЕМ" ДЕП КОРКУТТУ
Үй-бүлөбүз менен Бишкекке келип, таежемдин вагонунда 2 ай чогуу жашадык. Туугандарымдын көз алдында жүрсө оңолот го деп ойлогом. Бирок иштебей жата берди. Апам деле чалып, чоң эле кызматтагы жумуштарды айтты. Ал кайра мага "сенин төркүнүңдөн жумуш сурап жатамбы?" деп кордук көрсөттү. Кебетемди апам көрүп, "мындай жашоо болбойт, 30 жашка чыкканда майыптар арабасында отуруп каласың" деди. Үйгө келип жолдошумдун колуна чемоданын карматып, кетирип жибердим. Ошондо "мууздап өлтүрүп, үйүңдү өрттөп кетем" деп коркутту. Азыр аңгыраган, шарты жок вагондон өлтүрүп кетет деп корко берем. Айла жок барарга жерибиз жок болгондуктан ушул жерде жашаганга туура келет.
Ызы-чуу жашоодон тажаган балдарым атасынын кордугунан тилдери так чыкпай, өз ойлорун айткандан коркуп, элден качып калышты. Ал кеткенден кийин кызым биринчи сүйүнүп "болду атам келбейби, экинчи бизге тийбейби?" деп жүрөктү ооруткан. Кеткенден кийин оңолом, кайра жашайлы деп телефон чалып жүрдү. Ал калп эле сөз экенин билдим. Себеби мурда бир жолу ажырашып, кайра жашаганда тиштеримди тээп сындырып салган.
СИЛЕРГЕ ЭМЕС, ӨЗҮМӨ АКЧА ТАБА АЛБАЙ ЖҮРӨМ
Үчүнчү уулумду төрөгөндө аяшыма сүйүнчүлөсөм ал күйөөмө айтып коюптур. Ал мага чалып "төрөдүңбү?" деп жакшы эле абалымды сурады. Жүрөгү 3 жеринен тешик экен, төрөтканадан бир жарым жумадан бери чыга элекпиз, баланы даарылатканга акча керек болуп жатат десем, "силерге эмес, өзүмө акча таба албай жүрөм" деп койду. Ошол бойдон чалып, бир дагы жолу кайрылган жок. Мен дагы сураштырып, издеген жокмун.
Улуу кызым 7 жашта, экинчи уулум төрттө. Кенжеси 10 айлык. Кызым 2016-жылы 1-класска бармак. Минтип кичүү уулум оорулуу болуп төрөлгөндөн кийин ага көңүл бурулбай калды. Бала бакчага, логопедке берейин десем баары эле акча сурашат. Ошол себептен көп эле аты чыккан кайрымдуулук фонддорго бардым. Бирок эч кимиси жардам бере алган жок. Андыктан элге кайрылууну туура көрдүм. 3 балама айына 500 сом жөлөк пул алам. Ошол деле керекке жарап калат.
Уулумду 6 айына чейин дарыгерлерге тынбай көрсөтүп турдум. Кийин Кардиологиялык борборго каттоого турдук. Ал жерде бир жашка чейинки балдарга бекер деп жазылганы менен, бир текшергенине эле 980 сом алышат. Апам өзүнүн дары-дармегинен арткан акчасына витамин, кальций алып берип отуруп жүрөгүнүн бир тешиги бүтөлдү. Ошондон кийин дарыгерлер баланын 1 жашына чейин текшерип, операция кылбай туралы дешти...