Ош облусунун Өзгөн районундагы Зергер айыл аймагында 27-март күнү Ничке-Сай айылында кооптуу аймакта жайгашкан 25 турак жайдын жашоочуларын башка коопсуз жерге көчүрүү үчүн, С.Кадыров атындагы орто мектептин стадионуна куткаруучулар тарабынан 25 чатыр тигилген, ал эми 1-май айылында кооптуу аймакта жайгашкан 5 турак жайдын жашоочуларын башка коопсуз жерге көчүрүү үчүн 5 чатыр жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-мартта кабарлады.
"Убактылуу 25 чатырга 32 үй-бүлө жайгаштырылып, аталган чатырларга райондук электр тармактар ишканасы тарабынан электр линиялары киргизилген. Кооптуу аймакта жашаган жашоочуларды жайгаштыруу боюнча иш-чараларды көзөмөлдөп, өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Равшан Рысбаев жеринде жүрөт", - деп жазылат маалыматта.