Бүгүн, 27-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Кыргыз менен Казактын чек арасынан Садыр Жапаровду салтанаттуу тосуп алуу максатында башталып, аягы күч түзүмдөрү менен жаңжал жана камоолор менен аяктаган митингге байланыштуу 12 адамга карата кылмыш иши козголду. ИИМдин маалыматтары боюнча УКМКнын алдындагы митингди кууп таратууда 105 киши кармалып, 64 адам 2 суткадан 5 суткага чейин убактылуу кармоочу жайга камалды. Айрымдарына административдик айып салынып, 12 адамга каршы кылмыш иши козголду. Кимдерге карата кылмыш иши козголгонун милиция кызматы “тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн” деген шылтоо менен ачыктабай жатат. ИИМ журналисттердин, кармалгандардын аты-жөнүн тизмелеп берүү өтүнүчүн да жоопсуз калтырууда. Милиция кызматын эмне чочулатып жатат? Москвада курбу-достору тирүүлөй өрттөнүп кетип, ый аралаш мекениндеги чиновниктерди сындаган кыз өңдүү мигранттардын каарыбы? Же нааразычылык акцияларынын кийинки толкунубу? Маалыматтарга караганда кылмыш иши козголгондордун катарында Садыр Жапаровдун бир тууган агасы, иниси жана баласы бар. Митингде кармалып, катуу сабалган Садыр Жапаровдун баласынын абалы тууралуу да так маалымат айтыла элек. Интернетке сабалган жигиттин кыйналып жатканы тартылган видео тарап кеткенден кийин “Тез жардам” чакыртылып, Бишкектеги №4-ооруканага жеткирилгени белгилүү болгон. Садыр Жапаров иликтөөлөр аяктагыча Бишкектеги №1-тергөө абагында кармалат. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту кабыл алды.
Садыр Жапаров ким эле? Ал бийликке революция коркунучун жаратып, миңдеген элди артынан ээрчите алуучу фигура беле? Бул суроо ишембиде өткөн митингден бери көп айтылып, көп талкууга алынууда. Учурда тергөө абагында жаткан саясатчыларга караганда саясий салмагы алдаганча аз болгонуна карабай, Садыр Жапаров коомчулукта чечүүчү күч боло ала турган катмарды ойготкону көрүндү. Ал күч – учурда Кыргызды багып жаткан мигранттар. Жапаровду колдоп Орусиядан же Казакстандан келгенин айтып митингде бир топ активдүү жарандар сүйлөп жатышты. Буга чейинки митингдерден айырмаланып калың элди ээрчитип, иш-аракеттерин көзөмөлдөгөн көрүнүктүү саясатчы-оппозициячылар деле болгон жок. Ошондуктан да митингдин аягы башаламандыкка жетип, максаты көпчүлүккө түшүнүксүз бойдон калды. Митингде сүйлөгөндөр жашоо-шарттын күндөн-күнгө начарлап бара жатканын, мигранттар жашап-иштөөгө аргасыз болгон оор шарттар, “Кумтөр” маселеси, жерлердин башка өлкөлөргө берилиши өңдүү көйгөйлөрдү көтөрүп, бул маселелердин чечилбей жатышына бийликти айыпташты. Конкреттүү план жок экени акырындап билинип, УКМКнын алдына чогулган эл бир нече саат мурун кармалган Садыр Жапаровду бошотууну, Абдил Сегизбаевдин митингчилердин алдына чыгуусун талап кыла башташты. Милициянын калың катары менен элдин арасы улам жакындап отуруп, аягы кубалашып мушташуу, активисттерди бирден кармап салып кетүү, асманга ок атуу, сабоо, Кытайдан белекке келген автобустардын терезесин талкалоо менен аяктады. Митингчилердин арасында кадимки жарандардай кийинген орган кызматкерлеринин көптүгү дал ошол кубалашып кармашууда билинди. ИИМ менен УКМК жакшы даярдык менен келгени ачык байкалып турду. Анткени бир нече саатка созулган митингде үн көтөргүчкө кимдер жетип сүйлөгөн болсо, аларды туш тарапта чачырап жүргөнүнө карабай бирден терип кармап кетишти. Ошентип чуулгандуу ишемби Эркиндик бульварын каптаган каскачан, калканчан атайын даярдыктагы кызматкерлердин карааны менен соңуна чыкты.
Бул окуя бийлик менен оппозиция тарап болуп ансыз деле эки жээкке бөлүнүп жаткан элдин ортосундагы жикти ого бетер тереңдетти. Баррикаданын ары жагындагылар 25-март күнү УКМКнын имаратынын алдында мыйзамсыз башаламандык, орган кызматкерлерине кол көтөрүү, коомдук тартипти бузуу катталганына ишенимдүү. Баррикаданын бери жагындагылар болсо бийлик өзүнүн оппоненттерин ар түрдүү иштер менен кармап, камап жатканына 25-март күнү УКМКнын имаратынын алдына ошол мыйзамсыздыкты токтотуу талабы менен чыгышканына ишенимдүү. Баш-аягы көрүнбөгөн бул тиреште УКМК курч кырдаалдардын очогуна айланып бара жатат...
Бир ууч топтун бийлиги майтарылбастай көрүнгөн Орусияны дагы митингдердин толкуну каптады. Оппозициячы Алексей Навальный баштаган коррупцияга каршы митингдер Орусиянын Москва, Санкт-Петербург баштаган негизги калааларында эле эмес, Ыраакы Чыгыштагы Владивостокко чейин 100гө жакын шаарды кучагына алды. Миңдеген жарандарды көчөгө алып чыккан себеп - өлкөдөгү коррупция. Навальный баштаган Коррупция менен күрөшүү фонду жакында “Он вам не Димон” деген аталыштагы тасманы жарыя кылышкан. Анда Орусиянын учурдагы өкмөт башчысы Дмитрий Медведевдин ири коррупциялык иштерге катыштыгы бар болушу мүмкүн деген иликтөө жүргүзүлгөн. Орусиянын бир катар элиталык деп саналган аймактарындагы кыймылсыз мүлктөр, жер тилкелери, яхталар, хан сарайлар, агрардык комплекс, өлкөнүн аймагындагы жана чет өлкөлөрдөгү жүзүмдү иштетүүчү компаниялар. Аталган тасмада Орусиянын өкмөт башчысынын ушундай байлыктары бар экендиги айтылат. Митингчилер Дмитрий Медведевден иликтөөдө айтылган айыптоолор боюнча жооп берүүнү талап кылып чыгышты. Кремль массалык камоолор менен жооп берди. Кармалгандардын арасында Алексей Навальный жана Коррупция менен күрөшүү фондунун өкүлдөрү бар. Москванын Тверск облустук соту оппозиционер Алексей Навальныйды макулдашпай митинг өткөрдү деп айыптап, 20 миӊ рубль айып салды, ошондой эле полицияга баш ийбегени үчүн деп 15 суткага камады. Бүгүн Өкмөт башчынын маалымат кызматы бул ири масштабдуу нааразычылык акциясын шайлоо алдындагы иш-аракет деп баалады. Азырынча нааразычылык толкуну өлкө президенти Владимир Путинди көздөй бурула элек...
Депутаттар 25-март күнү Бишкекте болгон окуяны кезексиз жыйында карап, күч органдарынын аракеттерине баа берсин деген кайрылууну “Сөз эркиндигин коргоо комитети” менен “Конституциялык кеңешме үчүн” кыймылы Жогорку Кеңешке ММКлар аркылуу сунуштаган эле. Жогорку Кеңеште бүгүн андай жыйын өткөн жок. Вице-спикер Алтынай Өмүрбекова “мындай иштер комитетте каралыш керек. Ошол жактан анан палатага алып чыгуу керек”, - деп регламенттин шарттарына токтолду. Өлкөдөгү курч кырдаалды жараткан окуяларды жалпы жыйында кароо Жогорку Кеңеш үчүн кадимки көрүнүш. Бирок кезексиз жыйынга чогулуу урматын 6-чакырылыштын депутаттары өздөрүнүн коллегасы, фракция лидери Өмүрбек Текебаевге деле көрсөтүшкөн эмес. Андыктан Садыр Жапаров же жүздөн ашуун камакка алынган жарандар үчүн депутаттардын бүгүн чогулуп, абалды талкууга алуусу реалдуу эмес болчу. Көрүп туруп көрмөксөнгө салуу же күч түзүмдөрү менен реформаланбай калган сот системинин адилеттүүлүгүнө таянып таштап коюу бир коркунучту жаратат. Эл ишеним көрсөтүп шайлап жиберген өкүлдөр өлкөдөгү абалды ачык талкууга албаса, жарандык позициясы активдүү адамдарды жеке кызыкчылыгында башка бир күчтөр пайдаланып кетүүсү мүмкүн. Андыктан “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин сөзүн эске алгандары оң. Ал “жыйындар залында ачык-айрым талкууларды өткөрбөсөк, анда нааразычылыктар көчөгө чыгып кетет”, - деп көчөдөгү башаламандыктарга жол бербөөгө чакырган эле. Бирок Жогорку Кеңештеги топторду азыр көчөдөгү эл эмес, өздөрүнүн эртеңи көбүрөөк кызыктырып турган чак...