ӨКМ: "Кардын бийиктиги нормадан жогору болгондугуна байланыштуу, коопсуздук эрежелерин сактоону эскертебиз"

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги азыркы күндө кардын бийиктиги нормадан жогору болгондугуна байланыштуу, бийик тоолуу райондордогу жашоочуларды мал чарбачылык иштеринде, мергенчилик кылууда, ошондой эле тоого чыгып эс алуучуларды (лыжа тебүүдө) кар көчкү коркунучу өтө кооптуу болгондуктан коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет.

"27-мартка чейин жаап өткөн жана 31-мартына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга, ошондой эле абанын температурасынын жогорулашынын негизинде метеорологиялык курч кырдаалга байланыштуу бийик тоолуу автоунаа жолдордо: Бишкек-Ош, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ош-Кичи-Алай унаа жолу, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная-Горка-Ак-Таш , Казарман-Актал-Чат, Бишкек-Нарын-Торугарт, Арал-Миң-Куш, Каракол-Эңилчек, Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолдорунда жайгашкан аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу чыңалууда", - деп айтылат маалыматта.

Андыктан, айдоочуларга аталган тоолуу унаа жолдорго ӨКМ чыкпоону сунуштайт. Ал эми кар көчкү коркунучу бар унаа жолдордон унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экендиги жана айдоочулар коопсуздук эрежелерин сактоосу керектиги эскертилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан