Пакистанга турмушка чыккан кыздар Кыргыз өлкөсүнүн элчилигинде каттоодо турат. Катталган кыргыз келиндердин саны 70ке жетет, катталбай жүргөндөр да бар. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта өлкөнүн Пакистандагы өкүлчүлүгүнөн SUPER.KG порталына маалымдалды.
Маалыматта айтылгандай, Пакистанда этникалык кыргыздар да жашайт. Алар бири-бири менен кыргыз тилинде сүйлөшөт.
Кыргыз жеринен барып Пакистандын Лахоре шаарында жашап жаткан Дарыгүл Маматованын айтымында, Пакистандагы кыргыздар топтолуп, бири-бири менен баарлашып турушат.
"Бул жакта Жаныбек казынын тукумдары отурукташып калган. Жыл сайын Нооруздун урматына Кыргыз мамлекетинин Пакистандагы элчилигинде кыргыздар топтолуп турабыз. Боорсок, палоо жасалып, дасторкон жайылып, кой союлат. Бул жылы Нооруз майрамы 25-мартта уюштурулду, 30дан ашык кыргыз топтолдук. Кыргыз келиндердин өмүрлүк жолдоштору да келишти. Жаңы дайындалган элчи менен тааныштык, бири-бирибиз менен көпкө сүйлөшүп, чер жазыштык", - деди Д.Маматова.