Тогуз-Торо районундагы айрым айылдарда 2 метрге чейин кар бар. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Кыргыз гидрометеорология агенттигинин директору Зарылбек Итибаев билдирди.
"Азыркы тапта Тогуз-Торо районунда эң көп кар массасы жатат. Алсак, Казарман, Кара-Суу айылдарында 80 сантиметр, Атай, Арал айылдарында 1 метр 70 сантиметр, Чет-Булак, Дөдөмөл айылдарында 1 метр 40 сантиметрге чейин кар бар", - дейт Итибаев.
Ошондой эле ал 1-апрелден 20-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлүп жатканын айтты. Мындан улам өлкө аймагында жер көчкү, кар көчкү, суу каптоо сыяктуу өзгөчө кырдаалдардын саны артышы мүмкүн.