СУПЕРСТАН: "Интернет ааламынын этикеттерин билип алыңыз"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Интернет ааламынын этикеттерин окуп коюңуз" деген тема менен таанышууну сунуштайбыз (автору: andormeda).

Темадагы алгачкы билдирүү:

"Акыркы учурда форумга жаңы колдонуучулар көп кирип, көптөгөн түшүнбөстүктөрдүн жаралышына себеп болду окшойт. Анан дагы маанисиз талкуулар көп болуп кеткен өңдүү. Ошонун баарын эске алып, котормо болсо да интернеттин этикетин илип коюуну туура көрдүм.

Эмесе этикет:1. Интернет аркылуу баарлашууда желенин аркы башында сизге окшогон тирүү адам отурганы дайыма эсиңизде болушу керек. Ар бир электрондук билдирүү жазуу учурунда сиз тирүү адамга бетме-бет сүйлөп жатканыңызды элестетип, кийин жазган сөздөрүңүз үчүн уялып калбаш үчүн жөнөкөй, моралдык ченемдерди сактаганга аракет кылыңыз.

2. Жашооңузда өзүңүз колдонуп жүргөн эрежелерди, интернетте да сактоого аракет кылыңыз. Жөнөкөй баарлашуунун мыйзамдарын, моралдык эрежелерди же желенин эрежелерин бузганыңыз сиз үчүн жазасыз калышы мүмкүн. Бирок ошол эле учурда сиздин уятыңыз ошол нерселерге жол береби? Ойлонуңуз!

3. Эч убакта сиз аралап жүргөн интернет ааламынын чектери биз көнүп калган жөнөкөй коомдогу чектерден бир нече эсе кең экенин эсиңизден чыгарбаңыз! Ошол себептен интернетте баарлашуунун жаңы түрүн кездештирсеңиз, эң биринчи билдирүүңүздү калтыруудан мурун ал жактын эреже, мыйзамдары менен таанышыңыз.

4. Башка колдонуучулардын оюна жана убактысына сый менен мамиле кылыңыз. Кээ бир колдонуучулардын желедеги убактысы аз гана эмес, кымбат да экенин эстей жүрүңүз. Майда-чүйдө суроолор менен башкаларды тажатпоого аракет кылыңыз, кийин жардамга муктаж болгонуңузда сиздин олуттуу суроолоруңуз да жоопсуз калышы мүмкүн. Форум боюнча жардамга чын эле муктаж болгондо жардам суроого үйрөнүңүз, ушул учурда гана сизге форумдагы досторуңуз жардам беришет.

5. Башка колдонуучулардын алдында сый-урмат тапкыңыз келсе, грамматика жана орфография эрежелерин колдонууга убактыңызды үнөмдөбөңүз. Эң укмуш мактоо сөздөрү дагы каталарга толо жазылса, өзүнүн көркүн жоготуп коёру турган иш.

6. Өзүңүздүн билимиңизди башкалар менен бөлүшүү форумда эң жакшы сапаттардын бири болуп эсептелет. Өз учурунда алтындай убакытын коротуп, сизге жооп берип жаткан адамдарга ыраазычылык билдирип туруңуз жана сизге жардам менен, же башка суроолор менен кайрылып жазылган башка колдонуучулардын каттарынан арылууга шашпаңыз, тескерисинче, жардам берүүгө умтулуңуз.

7. Дискуссияларга барууга этикет каршылык көрсөтпөйт, бирок урушуу, айтышуу деңгээлине эч убакта түшпөңүз.

8. Улуу, урматтуу Хакерлер, бул пункт атайын сиздерге арналат. Өзүңүздүн гана эмес, өзгөлөрдүн да сырларына сый мамиле жасаңыз. Эгер сиз ачык сүйлөп жатсаңыз, маектешиңиз анонимдүү же приваттык нерселерди жазууну эп көрүп турса, анын чечимине түшүнүү менен мамиле кылыңыз. Жеке билдирүүлөрдөгү жазылган нерселерди маектешиңиздин уруксаты жок жайылтпаңыз. Башка бирөөнүн жеке билдирүүлөрүн, почтасын, акыр аягы компьютерин аңтарбаңыз.

9. Желедеги ээлеген ордуңуз же бийлигиңиз менен аша чаап колдонбоңуз. Ишенимди табуу кыйын, жоготуу тез эле!

10. Сизди курчап турган адамдардын оюна, каталарына чыдамдуу болуңуз. Башка бирөөлөрдүн эрежелерди сактап же сактабай жатканына көңүл бурбай, эрежелерди өзүңүз сактаңыз же жөн гана маектешиңизге эрежелерди окууну сунуштап коюңуз.

Этикетке бонус катары форумда көп колдонулуучу терминдердин түшүндүрмөсүн жаза кетсем:

Флейм – маектеги айтыш. Флейм деп колдонуучулар сөздүн эмне жөнүндө болуп жатканын унутуп, бири-бири менен урушуп-талаша баштаган учурларды атаса болот. Колдонуучу талкуу учурунда адамдын аброюна шек келтирип, жеке нерселерге өтсө, башка бирөөнүн динине, улутуна, кесибине же жынысына карата жеке мүнөздөгү билдирүүлөрдү жазса, уруштун сөзүн сүйлөп, чуу көтөрсө Флейм деген мөөр менен Банга айдалат.

Флуд – маанисиз, маңызсыз, эч кимге кереги жок, өчүрсөң ичиң ачышпай эле өчүрүп ийчү же такыр эле жазбай коюучу билдирүүлөр. Көбүнчө айтарга сөзү жок же өзүн көрсөтө албай жүргөн адам гана флуддайт. Флудёрлор кыларга иши жоктугунан ар бир билдирүүгө эч кандай мааниси жок, 2-3 сөздөн турган жооп жаза башташат да анын себебинен кереги жок маалыматтын көлөмү жогорулап, баракчанын жүктөлүшү жай болуп, башкалардын кыжырына тийип, максатсыз эле траффикти жей баштайт.

Оффтопик (оффтоп англ. off topic – темадан сырткары) – талкууга алынып жаткан темага кайнаса каны кошулбаган билдирүүлөр. Мисалы, мен “Алиги жөнүндө” бөлүмүнө кирип алып, саясаттын көйнөгүн жуусам, оффтопик болуп эсептелип, баштан ары бир жейм. Анткени оффтопик желе этикетинин бузулушунун эң оор формасы.

Троллинг – бул форумда флейм кылууга, колдонуучулар арасында конфликт чыгарууга үндөгөн жана дагы башка ушундай сыяктуу билдирүүлөр. Башка колдонуучуларды көпчүлүктүн көзүнчө басынтуу, шылдыңдоо жана башка эмоционалдуулук тең салмакты жоготууга шарт түзүүчү билдирүүлөр да троллингдин катарын толуктайт. Троллингди таркаткан адам мифологиялардагы каармандарга окшоп "тролль" деп аталат.

Тролль – деп интернет хулигандарынын баарын жалпысынан айтса болот.

Модератор (аким) – форумда же интернет баарлашууда тартипти сактап, желенин этикетин бузган колдонуучуларга чара көрүп туруучу адам".

Эгер сизде да интернет этикети тууралуу оюңуз бар болсо, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
virtual.realist
2017-03-28 20:17:27
Ушул теманы баардык комментарий жазуучуларга толук окуп чыгуусун сунуштайт элем.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан