Лондондогу террордук актыны жасады деп айтылган Халид Масуддун аялы Рохей Хайдара күйөөсүнүн жасаганын сынга алып, каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу 28-мартта The Telegraph басылмасы жазып чыкты.
Күйөөсүнүн террордук чабуулга барганына шок болгонун айткан Рохей Хайдара "анын жасаганын кескин түрдө айыптайм. Каза болгондордун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, жаракат алгандардын тезирээк айыгып кетишин каалайм" деген. Мындан сырткары үй-бүлөлөрүндө кыйын кез болуп жатканын эске салып, жеке жашоого кол тийбестик укугун сактоого чакырган.
Айта кетсек, 22-мартта белгисиз адам Лондондогу парламент имаратынын жанында унаасы менен жөө кишилерди сүздүрүп, кийин парламентти кайтарган полициячыны бычактаган. Лондон полициясы чабуулду уюштурган адам 52 жаштагы Халид Масуд деп билдирген. Жалпы 5 адам каза болуп, 40ка жакын адам жаракат алган. Каза болгондордун баары Улуу Британиянын жарандары, жабыркагандардын арасында чет өлкөлүктөр бар экени айтылган. Окуя үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу өзүнө алган.