Ош-Бишкек жолунда кар көчкүнүн астында калган унаалар (фото)

Бүгүн, 28-мартта Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Бишкек-Ош жолундагы кар көчкүнүн астында калган Субару Легаси унаасынын айдоочусунун жакындары менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кар көчкүнүн астында калган Лексус унаасында 1966-жылкы К.В. жана анын 2 тууганы, ал эми Субару Легасинин ичинде 1990-жылкы Азирет Валиев, жубайы жана тууганы бар болчу.

Көлөмү 18 миң метр куб, бийиктиги 8 метрге жеткен кар көчкү Лексус унаасын жарымына чейин басып калган. Жанында турган жол эксплуатациялоочу ишканасынын кызматкерлери унаанын ичиндеги адамдарды чыгарып алышкан. Алар жаракат алышкан эмес.

"Бишкек-Ош жолунун 255-чакырымына саат 00:55те түшкөн кар көчкүнүн астынан куткаруучулар №23-жол эксплуатациялоочу ишканасына таандык Тайота Пикап унаасын таап, анын ичинен каза болгон 4 адамдын денелерин алып чыгышкан. Андан соң куткаруучулар 3-унааны табышкан. Табылган Субару Легасидеги 3 адамды саат 2:30да алып чыгып, Токтогул райондук ооруканага жеткиришкен. Алар кар көчкүнүн астында 5 сааттан ашуун убакыт болушкан", - деп жазылат маалыматта.

Бардык 6 адам дарыгерлер тарабынан каралып, медициналык жардам берилгенин кошумчалашат министрликтен. Токтогул райондук аймактык оорукананын башчысы Нуржамал Тешебаеванын айтымында, 6оо тең сыныгы, оор жаракаты жок түшкөн. Учурда 2 аял ооруканада, бирок алар да чыгарылат.

"Ооруканадагы эки бейтапты Кубатбек Боронов, Токтогул районунун акими Майорбек Сатымкулов, ӨКМнын Жалал-Абаддагы өкүлү Абдишарип Бекилов менен биргеликте барып көрдү. Андан ары министр Өзгөнгө бет алат", - деп билдиришти министрликтен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
RaHat19
2017-03-28 20:08:56
аман калгандарга ден соолук берип омурлору узун болсун жерибизге тынчтык берип элибизде боодо кырсыктар болбосо экен
+1
Kroxa
2017-03-28 20:15:12
Жолдон сак болгула негизи шашылыш болбосо чыкпай эле койсонор жолго жакшысы кар кеткенде жетип аласынар..
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан