Нарын облусунда күндүн ысып кетишинен улам сел жүрүү коркунучу бар экени айтылып, тиешелүү тапшырма берилди

Нарында сел жана суу каптоонун алдын алуу боюнча отурум өттү. Бул тууралуу бүгүн, 28-мартта Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандык коргонууда техникалардын жалпы саны облус боюнча 207 даана. Айыл аймактардын жергиликтүү бюджетинен өзгөчө кырдаалга караган каражаттын суммасы жалпы 2 миллион 868 миң сомду түзгөн. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Нарын облусуна 11 миң тонна күйүүчү май бөлүнгөн.

"Иш-чаранын жүрүшүндө облус жетекчиси Аманбай Кайыпов район жетекчилерине күндүн тез ысып кетүүсүнөн улам суу каптоолор болушу мүмкүн экенин эскертип, өзгөчө кырдаал болгон учурда ыкчам аракеттерди көрүү үчүн даярдык иштерин күчөтүүнү тапшырды. Жыйындын соңунда кооптуу деп табылган суу жээктерин бекемдөө менен катар, кооптуу участокторду көзөмөлгө алууну тапшырды", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан