Бүгүн, 28-мартта Бишкекте мектеп окуучуларынын арасында өткөн Республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Салтанаттуу иш-чарага министр Гүлмира Кудайбердиева, Президенттин аппаратынын башчысы Сапар Исаков, окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер катышышкан.
"Олимпиадага өлкөнүн бардык аймактарынан 10-11-класстын окуучулары, бардыгы 316 катышуучу болгон. Ал 10 сабак боюнча өткөн: информатика, физика, химия, география, математика, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили, тарых. Бул жылы жылдагыдан өзгөчөлөнүп олимпиаданын жүрүшү онлайн көрсөтүлдү. Ата-энелер жана байкоочулар атайын залдан карап тура алышты", - деп жазылат маалыматта.
Жеңүүчүлөргө дипломдор жана китеп алууга сертификаттар тапшырылды.
"Мындан сырткары 1-орунду алган жеңүүчүлөр жеңген сабагынын багыты боюнча жогорку окуу жайга сынаксыз тапшыра алышат. Ошондой эле алар эл аралык олимпиадаларда Кыргыз өлкөсүнүн атынан чыгышат", - деп билдиришти министрликтен.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси (11-класс, 1-орун):
Автандил Саиддин - химия;
Ырыскүл Алакунова - Кыргыз тили жана адабияты;
Аселя Бакирова - география;
Диана Заржецкая - англис тили;
Фатима Ибрагимова - биология;
Кушчубек Калыкулов - тарых;
Бектур Мукамбеков - математика;
Андрей Мукин - физика;
Даян Мэлисов - биология;
Богдан Соткинов - химия;
Алым Турдукулов - физика;
Бекназар Фархад уулу - орус тили жана адабияты;
Бегалы Чикитаев - математика;
Алибек Чолпонбаев - англис тили;
Зинаида Ширяева - орус тили жана адабияты;
Ырыскелди Жумабаев - Кыргыз тили жана адабияты.
Белгилей кетсек, жалпысынан байгелүү орундарды алгандардын арасынан 36 окуучу "Сапат" (мурунку "Себат" окуу жайлары) окуу жайларынын окуучулары, алар 33төй пайызын түзөт.