Бишкекке 2 жылда 7 538 345 еврого жаңы таштанды таштоочу полигон курулат

"Катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системи" долбоорунун алкагында "Жаңы санитардык полигонду долбоорлоо жана куруу" келишимине кол коюлду. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жаңы таштанды таштоочу полигонду куруу келишимине Бишкек мэриясына таандык "Бишкек санитардык полигон" муниципалдык ишканасы менен эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясы 28-мартта кол койгону маалым болду. Ал эми келишимдин баасы 7 538 345 еврону түзөт.

"Калдыктарды көмүү үчүн жаңы заманбап санитардык полигонду долбоорлоо жана куруу "Катуу тиричилик калдыктарын башкаруу системи" долбоорунун бир бөлүгү. Долбоор Европалык реконcтрукциялоо жана өнүктүрүү банкы жана Европа биримдигинин насыясы менен каржыланат. Анын биринчи фазасынын ийгиликтүү болгонуна шаар тургундары күбө болушту. Тургундар катуу тиричилик калдыктары үчүн салынган жаңы контейнер аянтчаларын колдонуп жатышат, таштандыны "Тазалык" ишканасы жаңы таштанды чыгаруучу унаалар менен чыгарып жатат", - деп жазылат мэриянын маалыматында.

Жаңы полигондун орду шаардын эски таштанды таштоочуу жайынын жанында. Жаңысы ачылган соң эскиси жабылат. Келишимди бүтүрүү мөөнөтү 2 жылга барабар.

"Бул убакта электр жана суу менен камсыз болгон жаңы полигон курулат. Калдыктарды айлана-чөйрөгө зыянын тийгизбей көмүү үчүн атайын чөнөк куруу каралган. Конструкция жер астындагы жана үстүндөгү сууларды булгатпайт. Бардык жумуштар европа стандарттарына ылайык жүргүзүлөт", - деп кошумчалашкан мэриядан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
novayariga
2017-03-29 08:39:34
Мынча акчага таштандыны кайра иштетуучу завод курса болчудай го
+4
nazgul90
2017-03-29 09:06:56
Аман чылык болсо ошону да корорбуз курулабы жоокпу . Завод Фабрика курса болмок
+5
bakulya2015
2017-03-29 09:08:57
курулат дебей,курулганда айткылачы элди алдабай
+4
nur.akturpak
2017-03-29 09:24:27
Мазза кылып жээп жуттушат экенда эми
+3
modem4999
2017-03-29 10:03:06
Бийлик жакшы иштеп жатат !
-6
nuke1988
2017-03-29 11:12:38
Баяагы эле жеп жутарлар жеп жок кылат. Эй жеп жутар ХХХ хотябы Стадионду ондоп койгулачы
+2
admin_portal
2017-03-29 11:14:01
nuke1988, этика нормаларын сактаңыз!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан